“Демократия – куфр” митингине 5 миллион киши катышты

271
0
“Демократия – куфр” митингине 5 миллион киши катышты
Исламий жашоону кайта баштоо үчүн дүйнө бойлоп аракет алып барып жаткан Хизб ут-Тахрир уюму Индонезияда өткөн жума намазынан кийин “демократия – куфр” аталышында митинг уюштурду. Миллиондогон адамдар Хизб ут-Тахрир – Индонезия вилаятынын көзөмөлү астында уюштурулган бул митингди колдоп көчөлөргө чыгышты. Хизб ут-Тахрир – Индонезия вилаятынын маалымдашынча, митингге 5 миллион айланасындагы киши катышкан.
Мунун каршысында, Индонезиянын укуктук, саясий жана коопсуздук маселелери боюнча министри Виранто – халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылып жаткан Хизб ут-Тахрир уюму мамлекеттин идеология жана конституциясына каршы иш алып барып жатат – деп айтты. Виранто муну журналисттерге берген билдирүүсүндө айтып өттү.
“Хизб ут-Тахрирдин иштери коомдо бөлүнүүлөргө себеб болду. Бул иштер мамлекет бүтүндүгүнө коркунуч туудурууда” – деди, Хизб ут-Тахрир уюму үстүнөн иш козголгонун билдирген Виранто.
Индонезия уламалар кеңешинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Мухйиддин Жунайди да Хизб ут-Тахрир уюмуна башка мамлекеттерде тыюу салынганын жана көптөгө өлкөлөрдө кара тизмге киргизилгенин айтып чыкты. Жунайди айткандай, Хизб ут-Тахрирге тыюу салынбашы үчүн анын аракеттери Индонезия мыйзамдарына каршы келбеши шарт экен.
“Хизб ут-Тахрирге Россия, Саудия жана Ливия сыяктуу көптөгөн мамлекеттерде тыюу салынган. Айрыкча, Россияда Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү деп таанылган адамдар эч бир экиленбестен туруп камакка алынат. Мунун себеби, Хизб ут-Тахрирдин бу мамлекеттер мыйзамдарына дал келбеген таризде иш алып баруусу”, “Индонезиянын плюралисттик принциптери эң маанилүү эсептелет. Хизб ут-Тахрир бу принциптерге каршы иш кылбаса, эч кандай проблема болбойт”, – деди Жунайди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here