Яхудийлер дагы бир палестиналык кызды атып өлтүрдү

354
4

Яхудийлер дагы бир палестиналык кызды атып өлтүрдү

Израил куралдуу күчтөрү “бычак менен кол салууга аракет кылды” деген шылтоо менен палестиналыктарды атып таштаган фактылар көбөйүп барууда. Израил полициясы Чыгыш Қуддустагы Масжидул-Аксонун ичинде бычак менен кол салууга урунду деп, дагы бир өспүрүм кызды атып өлтүрдү. Кеминде 20 ок атылып, акыбетинде 16 жаштагы Фатима Хажичи дүйнө менен кош айтышты. Фатима яхудийлер огунан жараат алып, жан соогалап жаткан кезде ага жардам бермекчи болгон куддустук бир жигит да токмоктолуп, андан соң камакка алынган.
Окуя артынан Палестина тышкы иштер министри дароо билдирүү менен чыгып, Израил өкмөтүн “кумардан чыкканча” оозуна келген кептер менен айыптады. Эл аралык коомчулуктан Палестина калкын Израил зулумунан коргоо талап кылынган жана өлтүргөндөрдүн жазаланышы керектиги белгиленген билдирүүдө – 16 жаштагы палестиналык кыздын суук кандуулук менен өлтүрүлүшүнө – чыныгы жоопкер Бинямин Нетаняху башчылыгындагы Израил өкмөтү экендиги белгиленди.
“Нетаняху өкмөтү Фатиманын суук кандуулук менен өлтүрүлүшүнө жоопкер. Фатиманы өлтүрүү менен, Израил коргоосуз Палестина калкына карата кылып келген кылмыштар тизмесине дагы бир кылмыш кошту”, “Бычак менен кол салууга урунду деп, 5 Израил полициясы бир учурда бир кызга тынымсыз ок жаадырышкан. Бычак менен кол салууга урунду деген айыптоо Фатиманын жанына бычак таштап коюу менен далилденип калбайт”, “Эл аралык коомчулуктун Израилдин кылмыштарына унчукпоолору аны кылмыштарыңды уланта бер дегендикти түшүндүрөт”, – делет Палестина тышкы иштер министринин жазма баянатында.
О.э. Израил полициясын оор сөздөр менен сынга алган Палестина тышкы иштер министринин билдирүүсүндө, яхудийлер огунан жараланып жерде жаткан Фатимага кайра дагы ок атылышы жана тез жардамга уруксат берилбеши эл аралык мыйзамга тескери келери айтылган. Баянатта айтылышынча, Фатима Израил полициясынан 10 метр алыстыкта болгон жана мындай аралыктан бычак менен коркунуч туудуруу мүмкүн эмес эле.

4 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here