Атамбаев: Питердеги террактка шектелүүчүнү туура эмес жолго орус скинхеддери түрткөн болушу мүмкүн

216
0

Атамбаев: Питердеги террактка шектелүүчүнү туура эмес жолго орус скинхеддери түрткөн болушу мүмкүн
Санкт-Петербургдагы террактка шектелүүчүнү туура эмес жолго Россиядагы ксенофобдор менен скинхеддер тарткан болушу мүмкүн. Мындай оюн президент Алмазбек Атамбаев жеңиш күнүнө арналган митингде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
“Жакында Санкт-Петербургда террорист – албетте аны актап болбойт – метро вагонунжардырып, ондогон адамдар курман болгон окуядан соң, айрым россиялык саясатчылар менен ММКлар Кыргызстандан барган мигранттарга көйгөй жаратууда. Россия мамДумасынын депутаты “Россия-1” телеканалы аркылуу Кыргызстандан барган мигранттарга катаал чара көрүүгө чакырды… …Питердеги террактка шектелүүчү Кыргызстандын Ош шаарында жашаган өзбек болуп чыкса, мында бардык кыргыз жана өзбектерди айыпташ керек эмес. Акыры, ал да атасы сыяктуу эле Россия жараны болгон да. 16 жашынан тартып Россияда жашаган. Мүмкүн, бул өспүрүмдү башка жолго мына ошол ксенофоб жана скинхеддер түрткөндүр…
…Улуу Россиянын күч-кудурети анда жашап жаткан бардык улут жана элдердин биримдигинде. Бул үчүн эң оболу рассизм, шовиниз жана ксенофобиянын ар кандай көрүнүштөрүнө қаршы күрөшүү зарыл. Саясатчылар менен журналисттер муну Россия президенти Владимир Владимировия Путинден үйрөнүүлөрү керек”, – деди Атамбаев.

Талдоо: акыркы убакта Россия Кыргызстанга басым жасап, аны Ислам жана мусулмандарга каршы катуу иш-чаралар көрүүгө мажбурлап жаткан эле. Россия Афганистандагы согушкерлер Орто Азияга карай мобилизацияланганы жатат деп дүрбөлөң көтөрө баштады. Питерде жардыруу уюштуруп, Кыргызстан мигранттарына кысымды күчөттү. Андан соң, Путин Бишкекте ЕАЭБге кирген Орто Азия өлкөлөрүнүн президенттерин топтоп, аларга региондо террор дүрбөлөңүн көтөрүү тапшырмасын берди. Муну менен, Россияда күчөп бараткан нааразылык акцияларын башка нукка буруп жиберүү үчүн, орус калкына Орто Азия мусулмандарын коркунучтуу кылып көрсөтүүнү көздөдү. Бул үчүн Кыргызстан бийлиги да Путинди коргоодо – өз жарандары болгон мусулмандар атынан жардыруулар уюштуруп – путин режиминин максаттарына ылайык аракет алып баруулары керек эле. Президент Атамбаевдин жогорудагы сөзү болсо – мусулмандарга каршы Россия атайын кызматтары кеңеш берип жаткан нерседен – анын баш тартып жатканына далалат кылгандай. Путин тарыхта Гитлер, Пиночет, Милошевичтер сыяктуу адамзат душмандары катарынан орун алды! Атамбаев тарыхта кандай президент катары эсте калар экен?!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here