Эмомали Рахмон Афганистан чегарасындагы кырдаалга тынчсызданууда

165
0

Эмомали Рахмон Афганистан чегарасындагы кырдаалга тынчсызданууда
Тажикстан Афганистанга терроризм жана экстремизмди жоготууда о.э. улуттук биримдик келишүүсүн камсыздоодо ар тараптуу көмөктөшөт. Бул тууралуу “Sputnik” сайты Тажикстан президентинин басма сөз кызматына негизделип кабарлады.
Афганистан президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Афганистанда, өзгөчө, анын түндүк аймактарында кооп туудуруп жаткан кырдаалга тынчсызданып жатканын билдирген.
Мурунураак “Талибан” согушкерлери Тажикстан чегарасына жакындашып келишкени себептүү Тажикстандын Афганистан менен чектеш районунда өзгөчө кырдаал киргизилгени кабарланган.
Тажикстан чегара кошуундары башкы башкармалыгынын кабарына караганда, талибдер белгилүү бир ийгиликтерге жетишишкен. Алар Тажикстандын Ишкашим району менен чектеш Зебак вилаятын ээлеп алышкан. Башкармалыктын тастыкташынча, Ишкашим районунда кырдаал туруксуз.

“Талибан” кыймылынын оор өнөржайы жок о.э. анын курал жасоо мүмкүнчүлүгү да жок. Эмомали Рахмон да, башка Орто Азия президенттери да муну абдан жакшы билишет. Демек, “Талибан” жана “ИГИЛ” кыймылдары тууралуу маалыматтарды апырта көрсөтүү аракети жүрүүдө. Тажик президенти жана анын режими өз режимдерин дагы да бекемдөө жана Россия менен аскерий алакаларын күчөтүп алууда мындай кырдаалдан пайдаланмакчы. Негизи, акылга салып караганда, “Талибан” да, “ИГИЛ” да, мамлекет макамын алган белгилүү бир аймак менен чегараланган мамлекетке ээ эмес исламий кыймыл же уюмдар гана. Алар өздөрү үчүн заманбап курал-жарак даярдап алуу кудуретине да ээ эмес. Демек, аларда Орто Азияга карай жүрүш жасоо максаты пайда болду деп жоромолдогондо да, алар кайсы бир курал иштеп чыгуучу кубаттуу мамлекет же күчтөр тарабынан куралдандырылып, белгилүү бир максаттарга карай багытталган болушу керек. Эгер Тажик тараптын дүрбөлөңдүү маалыматы туура болгон күндө да, Тажикстан мамлекетинин коопсуздугун камсыздаш үчүн Россиянын 201-аскерий базасы жайгашкан. Ал Тажикстанда 2004-жылдан бери турат. Дээрлик бир да жолу маанилүү операция алып барган эмес. Айталы, Тажик чегарасында кандайдыр бир орус же батыш мамлекеттеринин куралдары менен куралданган топтор пайда болсо, жоопкерчиликти ошол Россиянын 201-аскерий базасы моюнга алышы керек.
Куфр дүйнөсү Орто Азияда кезектеги катуу бир силкинүүгө даярдык көрүп жатышкандай аракеттенишүүдө. Алар өз айланаларына өздөрүнө ыктаган жетекчилерди топтоп алып, алар аркылуу Орто Азия регионунда жүрүп жаткан репрессияны дагы да күчөтүү менен, согуш кырдаалын пайда кылышмакчы. Себеби, Афганистан дүрбөлөңү Орто Азия өлкөлөрүндө мамлекет тарабынан кылынып жаткан мусулмандарга карата репрессиялык иштердин дагы да күчөтүлүшүнө шарт жаратып берет. Бул болсо, өз кезегинде мамлекет менен мусулмандар ортосундагы жараканы кеңейтет. Натыйжада, Афганистандагы абал Орто Азияга көчүп өтүшү үчүн абдан курч кырдаал жүзөгө келет. Кыянатчы жетекчилерибиз муну билип турса да, кафир кожоюндары тарабынан убада кылынган “амандыкка”алданып,, өз өлкөлөрүн жар жакасына карай алып барышууда.
Мамлекет башчылары кафирлерге кызматчы болуп кетишсе, мунун каршысында, биз, мусулмандар кандай позицияда турушубуз керек?
Эң оболу иштин акыйкатын аңдап жетип, бирер кызыкчылык үчүн туура ой жүгүртүүдөн ооп кетпешибиз важиб. Акыйкатты аңдоо дегени – жүрүп жаткан жараяндарга исламий саясий аң-сезим менен баа берүүгө аракет кылуу дегени. Т.а. куфр мусулмандар ортосундагы алакаларды бузуп, арабызды ажыратып, өз ара душмандык салып, бирибизди бирибизге каршы коймокчу. Муну аңдап жеткен мусулман куфрдун бу максаты кандай акыбеттерге алып барышын, аларга ээрчиш же четке кагыштын шарий тараптарын аңдай баштайт. Ошондо ал туура жана жемиштүү (туура багытталган, пайдалуу) пикирлей баштайт. Лекин шайтан уктабайт, мусулмандарга мына ушундай басым (сыноо) келгенде, мусулмандар эки тандоо арасында калат. Бир тарапта жашоо кызыкчылыктары (кызмат орун, эркиндик, материалдык пайда ж.б.) экинчи тарапта ачык-айкын акыйкат (ар бир зулумга каршы шаръий мамилелер) турат. Бурадарлар, биз эң биринчи Ислам жана мусулмандар тууралуужаман ойдо болуудан тыйылышыбыз керек. Андан соң, эң жаман мусулманды да куфрга тапшырып бербешибиз керек, кафир анын үстүнөн өкүм чыгарышына ыраазы болбошубуз важиб. Себеби, ар бир мусулман каарман, шахид, гозий жана сабыр ээси боло албашы мүмкүн. Бирок, ар бир мусулман саткындар сабына кошулуудан өзүн тыйып, Ислам жана мусулмандарга каршы күбөлүк берүүдөн баш тарта алат. Бурадарлар, ыйманыбызды сактап калалы! Кафирлердин ыфлас долбоорлорун биздин үстүбүзгө ишке ашырганы жаткан кыянатчы жетекчилерибизди мындай жийиркеничтүү кылмыштарынан токтотуп калалы. Анткени, алардын мындай карасанатай пландарын биздин биримдигибиз гана токтото алат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here