Хамас жаңы саясий программасын жарыя кылды

384
0

Хамас жаңы саясий программасын жарыя кылды
Хамас кыймылынын жетекчиси Холид Машъал Катардын борбору Дохада уюштурулган маалымат жыйынында Хамастын жаңы саясий документин жарыя кылды. Документте 2007-жылдан бери Газа секторун башкарып келе жаткан Хамас кыйымылы биринчи жолу 1967-жылы басып алынган аймактар ичинде тикеленүүчү Палестина мамлекетин колдоп-кубаттай тургандыгы айтылды. Израиль 1967-жылы Мисир, Иордания жана Сирия менен болгон согуштун натыйжасында Батыш Жээк, Газа жана Чыгыш Куддусту басып алган эле.
Израилди жок кылуу туурасындагы чакырыгынан да баш тарткандыгын билдирген Хамас кыймылынын башчысы Холид Машъал согуш яхудийлерге эмес, “сионист баскынчыларга” каратылгандыгын айтты.
Документте Хамастын Палестина катарын бириктирүү, көп партиялуулук, демократиялык тандоо жана өз ара диалог негизинде мамилелерди жүргүзүүгө ишеним билдирилди.
Хамастын лидери Машъал өзүнүн Твиттер баракчасында да “Хамас кеңири катышуучу демократияга ишенет о.э. диалогго жана башкалар менен жашоого даяр” деп жазды.
Хамастын ушул “Саясий документи” Палестина президенти Махмуд Аббастын Вашингтонго сапарынын алдында жарыя кылынды.
Ошол эле учурда, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Хамаска куралдарды таштап, Израил менен сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн басым өткөргөндүгүн билдирди. Чавушоглунун айтымында, Хамас кыймылы Израилди тан алып, парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр экендигин билдирген.
Туркистон:
Хамас түзүлгөндө Ислам Үммөтү андан жакшылык күткөн эле. Себеби, ал пайда болгон күндүн эртеси эле «Осло» келишиминен баш тарткандыгын жарыя кылды. Муну көргөн мусулмандар “Хамас Масжидул Аксаны яхудийлерден азат кылат” деп ойлошту. А бирок, Хамас андай ниети жоктугун үммөттөн жашырып келди. Анын жетекчилери Үммөттүн үмүтүн жокко чыгарып, ыйык жерди арзыбаган мансап жана даражаларга сатып жиберишти.
Туура, Хамас өткөн кылымдын 80-жылдары Палестинаны яхудийлер чеңгелинен куткаруу үчүн Аллахтын жолунда жихад кылууну жарыялады. Бирок, мезгил өтүшү менен анын багыты өзгөрө баштады. Ошентип, ал да Ислам жана мусулмандарга каршы тил бириктирген мамлекеттердин көрсөтмөлөрүнө ылайык аракеттене турган болуп калды.
Эске сала кетсек, Палестина проблемасы бир гана Ислам өкүмдөрү негизинде чечилет. Себеби, Палестинадагы күрөштүн негизи акыйдага барып такалат. Т.а. яхудийлер мусулмандардын жерлерин диний көзкараштан келип чыгып басып алышты. Ошондуктан, ага Палестина проблемасы катары эмес, Исламий Үммөттүн проблемасы деп каралат. Себеби, Палестина жери бардык мусулмандар коргошу керек болгон хирожий жер. Анын бир карышынан да баш тартууга эч кимдин акысы жок. Хамастын жогоруда сунуштаган документи болсо Ислам көз карашынан алганда сокур тыйынга да арзыбайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here