Өзбекстан Ошко 630 орундуу мектеп курмай болду

282
0

Өзбекстан Ошко 630 орундуу мектеп курмай болду
Мындай иштер кыргыз-өзбек мамилелерин бекемдөө максатында жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу 4-майда “Sputnik” сайты кабарлады.
Кабарга ылайык, Ош шаарында 630 орундуу жаңы мектеп курулуп, аны Өзбекстан каржылай турган болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашкан.
Туркистон: Кыргызстанда чындап эле кыргыз-өзбек улуттарынын ортосун бекемдөө зарыл. Бирок, жогорудагы ыкма бул маселеге чечим боло албайт. Анткени, Өзбекстан куруп бермекчи болуп жаткан жана СССРден калган мектептерде өзбектер азыркыга чейин кириллица алфавити менен өзбек тилиндеги эски окуу программасында окуп келишет.
Кыргызстандык өзбектер өзбек тилинде кириллица алфавити менен сакафий таштанды абалында калышкан. Өзбекстан чегараны жаап алгандыгын эсепке албаган күндө да, алар латын алфавитине өтүп кетишкен. Кыргызстандагы өзбектер Өзбекстандан жогорку билим ала алышпайт. Кыргызстандын билим берүү системасы кириллица алфавитинде. Өзбек мектептердин бүтүрүүчүлөрү, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан да билим ала алышпайт.
Эгерде Өзбекстан кыргыз-өзбек улуттарынын биримдигин кааласа, Кыргыз улутчулдугун жамынып алган жетекчи топко жана мамлекеттеги бардык билим берүү системасын кыргыз тилине алып өтүүгө негизги тоскоолдук болуп турган эл аралык уюмдарга басым өткөрүп, өзбек мектептерин кыргыз тилине жана кыргыз таалим программасына алып өтүүгө аракет кылышы керек!
Кыргызстандагы өзбектер сабатсыз болуп барышууда. Аларды ушул сабатсыз абалга түшүрүп алган Кыргызстандагы улутчул элита убактылуу курсант болгону менен, бул нерсе мамлекет үчүн өтө кооптуу абал. Анткени, сабатсыз жана кыргыз улутуна интеграция болуп кете албаган өзбек улуту, саясий, сакафий жактан алсыз жана улутчулдук туйгулары тартипсиз, туруксуз абалда болот. Бул болсо, тышкы улутчул жана башка бузуку пикирлерден тез таасирленүүчү алсыз адамдар пайда болушуна шарт түзө берет. Мындай абал, Өзбекстан же Россия сыяктуу, мамлекетибизге таасир өткөрө алуучу мамлекеттердин бузуку максаттарына ыңгайлуу шарт түзүп жатат.
Ошондуктан, Кыргызстан мамлекети өлкөдөгү бардык улуттар үчүн, ошону менен бир катарда өзбек улутундагы балдар үчүн да, бирдей таалим программасын киргизиши керек. Бул нерсе мамлекеттин коопсуздугу үчүн өтө зарыл. Анткени, улуттар интеграциясы из жүзүндө болушу үчүн, аларды бири-бирине жакындаштыра турган бирдей сакафий шарт түзүп, тарбиялап, бирдей этибар менен башкаруу зарыл.
Кыргызстан мамлекети, “тенирчи” “улутчул” элементтердин кол астында ар тараптан алсырап, тышкы күчтөр үчүн саясий жана сакафий жактан өтө ыңгайлуу олжого айланып барууда. 2010-жылы ушуга күбө болдук.
Кеч боло элегинде Кыргызстан калкынын биримдигин сактап калалы! Бир ууч улутчулдардын пикирлерин четке кагып, сакафий шайкештик пайда кылуу максатында биригели! Себеби, кандай болгон күндө да кыргыз-өзбек улуттары бир мамлекетте жашоого мажбурбуз. Ошондуктан, куфрга кызмат кылып жаткан улутчул топтордун пикирлерин таштандыга ыргытып, ал жетекчи топтун жетекчилигин четке кагып, куфрдун ыпылас максаттарына чек коёлу!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here