Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүнүн төртүнчү баскычы башталды

162
0

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүнүн төртүнчү баскычы башталды
Кабарларда келишинче, 3-май күнү Казакстандын борбору Астана шаарында Сирия боюнча эки күндүк эл аралык сүйлөшүүлөр өтөт. Сүйлөшүүлөр жабык эшиктер артында эки тараптуу кеңешүүлөр менен башталат .
Астанада Сирия проблемасына арналган буга чейинки үч жолку сүйлөшүү 23-24-январь, 15-16-февраль жана 14-15-март күндөрү ийгиликтүү өткөн эле. Алардын негизги натыйжасы Сирияда тынчтык келишимин мониторинг кылуу боюнча биргелешкен оперативдүү топ түзүүгө келишип алуу болду.
Май айындагы сүйлөшүүлөрдө негизги маселе куралдуу оппозиция өкүлдөрүнүн катышуусу болушу керек эле. Алар сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү баскычына катышуудан баш тартышкан. Россия жана Казакстандын тышкы иштер министрликтери оппозиция өкүлдөрү төртүнчү баскычка катышарынан үмүттөнгөндүгүн билдиришкен эле.
Казакстан тышкы иштер министрлигинин маалыматтарына таянсак, Мухаммад Аллуш башчылыгындагы Сирия куралдуу оппозициясынын делегациясы Астанага жетип келген. Делегацияда 16 куралдуу топтун мүчөлөрү бар. Сириянын БУУдагы туруктуу өкүлү Башар Жаъфарий башчылыгындагы Сирия өкмөттүк делегациясы Астанага 1-май күнү кечинде жетип келген.
О.э. жаңы сүйлөшүүлөргө АКШ да кошулду.
Казакстан тышкы иштер министрлигинин кабарында: “АКШ делегациясынын жетекчиси катары АКШ мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча жардамчысы Стюарт Жонс катышат”, – деп айтылат.
Булардан тышкары, Астана сүйлөшүүсүнө БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура о.э. Иордания тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Науаф Васфи да келет. Иордания да АКШ сыяктуу эле байкоочу макамында.
Казакстан тышкы иштер министрлигинин кабарына таянсак, Сириядагы тынчтык келишиминин кепили болгон мамлекеттер эң жогорку даражалуу өкүлдөрүн жиберишкен. Россия делегациясына президент Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Түркия өкүлдөрүнө тышкы иштер министринин Жакынкы Чыгыш маселелери жана Африка боюнча орунбасары Седат Онал, Иран делегациясына тышкы иштер министринин араб-африка иштери боюнча орунбасары Хусайн Жабарий Ансорий жетекчилик кылат.
Сирия оппозициясындагы булактын билдиришинче, Россия Сириядагы Идлиб, Хомс, жана Чыгыш Гутада коопсуз аймактарды куруу планын сунуштап жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here