Назарбаев: Латын тамгасына өткөндөн кийин орус тилин унутуп койбойбуз

373
0

Назарбаев: Латын тамгасына өткөндөн кийин орус тилин унутуп койбойбуз

Казакстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Назарбаев казак элин англис тилин активдүү үйрөнүүгө чакырган. Казакстан президенти өзүнүн бул чечимин мамлекетти үч тилдүү кылуу зарылдыгы менен түшүндүргөн.
Нурсултан Назарбаев мамлекет латын тамгасына өткөндөн кийин, орус тилин унутуп койбостугун билдирген.
Ал: “Мен түрдүү кооптонууларды угуп жатам. Бирок, биз кирилл тамгасынан алыстабайбыз. Биз орус маданиятын жана орус тилин унутпайбыз. Биз орус тили аркылуу дүйнөлүк маданиятты үйрөндүк жана ал ар дайым биз менен калат. Биздин кошунабыз ар дайым жаныбызда, аны менен ар дайым кызматташабыз”, – деди.
Кабарда келишинче, шаршемби күнү Назарбаев англис тилин активдүү үйрөнүүгө чакырган. Назарбаев бул чакырыгын республикада үч тилди киргизүү маанилүү экендиги менен түшүндүргөн. Белгилүү болгондой, апрель айынын орто ченинде Назарбаев өкмөткө казак тилин латын тамгасына өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча тапшырма берген эле.
Назарбаев “Эгемендүү Казакстан” басылмасында жарык көргөн макаласында, 2012-жылы “Казакстан 2050” стратегиясында 2025-жылы латын тамгасына өтүү планы тууралуу айткандыгын эскерткен. Учурда казак коомчулугунда латын тамгасына өтүү боюнча кызуу талкуулар жүрүп жатат.

Туркистон: Казакстан да Россиянын сакафий колониясы астындагы өлкө. Россия болсо, эл аралык саясатта таасирин жоготуп барууда. Айрыкча, өзүнүн кирилл тамгасы менен сакафий билим берүү системасын жоготуп, эл аралык мамиле жана алакалардан четтеп барууда. Россиянын ички билимберүү системасы да дүйнөлүк билим берүү деңгээлинен артта калып кеткен. Ал тургай, министрлер деңгээлиндеги мамлекеттик кызматкерлер өз балдарын Батыштагы окуу жайларда окутууда. Ошондуктан, кириллица тамгасы менен орустун сакафаты кризиске дуушар болду. Ал жакынкы келечекте жок болуп кетиши мүмкүн.
Назарбаевдин тынчсыздануусу орундуу. Андан тышкары, Казакстан, Украина, Белорусия мамлекеттери орус сакафатынын таасири астындагы өлкөлөр болуп эсептелишет. Кирилл тамгасынын ордуна латын тамгасын киргизүү, Россия жана орус улутунун казак коомчулугуна болгон таасирин азайтат.
Россия төмөндүккө кулап барууда. Ал бардык сакафий, аскерий, саясий жана экономикалык колонияларын өзү менен кошо тартып кетиши мүмкүн. Колонизатордуктун бул төрт түрү , алгач сакафий колонизаторлук орнотулгандан кийин кирип барат. О.э. булардан кутулууда да, колонизатордун сакафий таасиринен чыгып алуу негизги жана маанилүү орунда турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here