Түркиянын авиа соккулары достору тарабынан караланды
Түркиянын куралдуу күчтөрүнө караштуу самолёттор Ирак жана Сирияда PKK жана YPGны бутага алышын АКШ да, АКШ башчылыгындагы коалицияга мүчө өлкөлөр да каралады. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин убактылуу маалымат катчысы Марк Тонер күнүмдүк маалымат жыйынында билдирди. Түркия уюштурган авиа соккулардан АКШ тынчсызданып жаткандыгын билдирген Тонер бул тууралуу Түркия өкмөтүнө жеткиргендигин айтып өттү.
“Түркиянын Ирак жана Сирияда уюштурган авиа соккулары боюнча АКШга же ИШИМге каршы күрөшүп жаткан коалицияга мүчө мамлекеттерге алдын ала жетиштүү маалымат берилген эмес”, – деди Тонер.
Бирок, Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган PKK жана YPGны бутага алуу туурасында чабуулдан мурда Москва жана Вашингтонду кабардар кылгандыгын айткан эле.
Пентагон да кудум ушуга окшогон билдирүү берди. Пентагондун өкүлү майор Адриан Ранкин Галловей өзүнүн жазма билдирүүсүндө, Түркиянын АКШ менен союздаш күчтөргө чабуул кылышын ИШИМге каршы коалицияга мүчө мамлекеттер жакшы кабыл албагандыгын билдирди. Галловейдын айтымында, Түркия коалицияга мүчө мамлекеттерге чабуул кылары тууралуу алдын ала кабарлаган эмес.
Туркистон:
Түркия YPGга боло турган чабуулдар тууралуу АКШ жана Россия сыяктуу мамлекеттерге алдын ала маалымат берсе, чабуулдун эч кандай мааниси калбайт. Себеби, АКШ же Россияга кабарлоо YPG жана PYDдин өзүнө кабарлап коюуну түшүндүрөт. Анткени, АКШ да, Россия да алардын союздаштары. Бул тууралуу алардын өзү ачык айтышууда.
Демек, бул жерде абал төмөнкүдөй: Түркия террорго каршы күрөштө АКШнын союздашы. Ошол эле учурда ал YPG жана PYDди террорчу уюм деп билет. Бирок, террорго каршы күрөштө Түркиянын союздашы болгон АКШ болсо YPG жана PYDге ачык эле ар тараптуу жардам берип келет. Ал тургай, Түркия президенти Америкага сапар кылып, Ак үйдө мейман болуп турган учурда да, АКШ расмийлери аталган уюмдар өздөрүнүн өнөктөшү экендигин билдиришти. Ушундай болгон соң, Эрдогандын YPG жана PYDди террорчу уюмдар деп жар салышын жана мунун артынан аталган уюмдар менен ачык кызматташып, аларды колдоп келе жаткан АКШ жана Россияны досум деп билишин кандай түшүнсө болот?
АКШнын аталган уюмдар менен кызматташтыгы Обама учурунда да болгон, эми Трамп доорунда да уланууда. Болгону ыкмаларында гана бир аз айырма бар. Т.а. АКШда демократтар партиясы бийликке келген учурда тышкы саясаттын айла-амал жана дипломатиялык жолдор менен ишке ашырууга аракет кылат. Республикачылар болсо, алардын тескериси. Себеби, алар өз каалоосун малайларынан катуу колдук менен талап кылышат. Өздөрүнө каршы бирер сөз айтууга жол беришпейт. Ошондуктан, Эрдогандын Обама доорундагы АКШга карата: “Эй Америка! Сен биз менен доссуңбу же террористтер мененби? – деген билдирүүлөрүн азыркы Трамп доорунда угуу кыйын.