Мусулмандар сүргүн кылынган жерлерден нефть жана газ табылууда

734
0

Мусулмандар сүргүн кылынган жерлерден нефть жана газ табылууда
Нефть жана газ боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү эл аралык компаниялардын Мьянмага кызыгуусу күчөп жатат. Британия жана Мьянма фирмалары Араканда – т.а. мусулмандар жашап келген жана кыргынга учурап, сүргүн кылынган региондо – нефть жана газ боюнча изилдөө иштерин башташты. Британиянын “James Fisher and Sons” компаниясы менен Мьянманын “Royal Marine Technology” фирмасынын өкүлдөрү “Sule Shangri-La” мейманканасында биргелешкен ишкана түзүү туурасындагы келишимге кол коюшту.
“Жакынкы убакта чет өлкөлүк кызматтар Мьянмада кеңейип баштайт. Ошол себептен улам, жергиликтүү компаниялар менен кызматташуу үчүн биринчи кадам катары келишим түздүк. Англия компаниясы бул жерде орношуу үчүн биздин компаниябыз менен биргеликте иш алып барууда”, – деди мьянмалык фирманын башкы менеджери Мйинт Аун.
Мьянма бийлиги Аракандык мусулмандарды эмне үчүн сүргүн кылгандыгы ачыкталып барууда. Жырткыч бутпарастар үйлөрүн да, өздөрүн да өрттөп, кууп чыгарган Рохинджа мусулмандары жашаган аймактан өтө чоң өлчөмдө газ жана нефть табылганы айтылууда. Мусулмандар кыргын кылынып жана жерлери тартып алынган 18 аймакта 3,2 миллиард баррель нефть запасы жана 90 триллион кубометр газдын запасы табылган. Британиянын соода жана инвестиция агенттигинин отчётуна ылайык, Мьянманын тастыкталган запастары дээрлик Индиянын запастарына барабар. Азырынча табылган газ жана нефть кендеринин 3/2 бөлүгү Рохинджа мусулмандары жашап келген аймактарга туура келет.
Аракандын борбору Акябдан 120 километр түштүктө жайгашкан Кяукпю түздүгүндө 2004-жылы Түштүк Кореянын Daewoo нефть компаниясы изилдөө жүргүзүп 1,2 триллион кубометр газ запасын тапкан.
Мьянманын нефтиси жана газынын негизги кардары Кытай. Мьянма менен Кытайдын ортосунда бир жылда 2 миллиард кубометр газ жана 22 миллион тонна нефть өтүүчү эки түтүк 2014-жылдын аягында ишке киришти. Аракандын борбору Акябда нефть танкерлерин бошотуучу үлкөн порт жана энергия терминалдары курулду. Жаткырылган түтүктөр Малака кысыгына алтернативдүү көрүнүштө, Кытайдын Сингапур жана Малайзияга көз карандылыгын жеңилдетет. Мьянма болсо бул долбоордон 29 миллиард доллар киреше табат. Мунун акысына 5620 кв/км жердеги түтүктөр жана алардын айланасы Мьянма өкмөтү тарабынан аскердик зона деп жарыяланып, коргоого алынат. Мьянма бийлиги ал жерге 13500 аскер жайгаштырат. Түтүк өткөн айылдардын калкы болсо эвакуация кылынат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here