Кытай сакал жана никабга тыюу салды

364
0

Кытай сакал жана никабга тыюу салды

  Кытай өкмөтү Шинжаң-Уйгур автономиялуу облусунда жаңы чектөөлөрдү киргизди. Эми эркектердин “нормалдуу эмес” узун сакал коюшуна о.э. кыз-келиндердин коомдук жайларда никабда жүрүшүнө тыюу салынды.

Мындан тышкары, Кытай мамлекеттик телеканалын көрүүдөн баш тартууга да тыюу салынган.

Кабарларда келишинче, жаңы чектөөлөр “исламий экстремизмге” каршы кампаниянын алкагында ишке ашырылган.Шинжаңда буга чейин эле иш жүзүндө болгон бул чектөөлөр 2017-жыл, 1-апрелден баштап мыйзамдуу күчкө кирет.

Жаңы кабыл алынган мыйзам булардан тышкары төмөнкүлөргө тыюу салат:

  • Балдардын мектепке барбастыгына;
  • Үй-бүлөнү пландаштыруу саясатына аралашууга;
  • Расмий документтерге зыян жеткирүүгө;
  • Диний өкүмдөр негизинде үй-бүлө курууга.

Булардын бардыгына кошумча түрдө, баштан-аяк жабык кийимде болгон кыз-келиндердин вокзал жана аэропорт сыяктуу коомдук жайларга барышына уруксат берилбейт.

Жаңы тартип-эрежелер боюнча, аэропорт жана вокзал сыяктуу коомдук жайлардын кызматкерлери алар тууралуу полицияга кабар бериши керек болот.

Туркистон:

Мусулмандарга карата ичи кек-душмандыкка толгон кудайсыз Кытай өкмөтү 1949-жылы Шинжаңды басып алгандан кийин Ислам динине каршы баштаган күрөшүн акыркы кездерде ого бетер күчөтүп жиберди. Алгач, 25 миңден ашуун мечитти бузуп таштады жана мунун натыйжасында болгону  500 гана мечит калды. Уйгурлар жашаган аймактын жаратылыш байлыктары, айрыкча, нефтиси себептүү Кытай Шинжаң облусун уйгурлардан бошотууга жана аларды Кытайдын ичкерисиндеги аймактарга көчүрүүгө, башка тараптан болсо, ал жерге кытайлык улутчул ханьдарды жайгаштырууга катуу аракет кылды. Бул иштин натыйжасында Кытай баскынына чейин 25 миллиондон көбүрөөк болгон уйгурлар 10 миллионго чейин азайып, Шинжаңдагы калктын 40 %ын түзө турган болуп калышты.

 Муну менен чектелбеген Кытай өкмөтү уйгурлардын майда-чүйдө иштерине чейин аралашты. Уйгурлардын балдарына исламий  тарбия берүүгө, Куран окутууга тыюу салынган болсо, мамлекеттик мекемелерде  иштеген кызматкерлерге жана студенттерге Рамазан айында орозо кармоого тыюу салган токтом кабыл алды жана ашканаларды да Рамазанда иштөөгө буйруду.

 Андан тышкары, жергиликтүү “террорист” жана “жикчилдердерди” коркутуу үчүн Хотан шаарында парад өткөрдү. Парадда тиш-тырмагына чейин куралданган миңдеген полициячылар жана өкмөткө караштуу ыктыярчылар катышты. Исламий көрүнүштөргө  каршы күрөштө болсо, сакал койгон кишилер жана никаб кийген аялдар тууралуу кабарлаган адамга сыйлык белгиледи. Сакал койгон киши же никаб кийген аял тууралуу коопсуздук кызматына кабарлаган адамга өкмөт 1000 юань өлчөмүндөгү сыйлык убада кылды. Террордук чабуул пландаштырылып жатканын ачыктаган, фитна чыгарып жаткандарга сокку берген же аларды өлтүргөн, же болбосо жарадар кылган, же куугунтуктаган адамдарга 5 миллион юаньга чейинки сыйлык убада кылынды…

 Качан Халифалык мамлекети тикеленмейинче, уйгурлар эле эмес, дүйнөдөгү бардык мусулмандар мына ушундай коргоосуз жана алсыз абалда кала беришет. Ар кандай паскеч кимселер мусулмандарга каршы зулум кылуудан, ал тургай өлтүрүүдөн кайра тартпай турган болуп кала беришет.

Имам-халифа – калкан. Анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат”(Бухарий “Сахих”инде риваят кылган).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here