Кыргызстандагы диний абал талкууланды
КР президенти Алмазбек Атамбаев 31-март күнү Кыргыз республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов жана Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын башчысы, муфтий Максат ажы Токтомушевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Кабарга ылайык, жолугушууда дин чөйрөсүндөгү азыркы абал, анын өнүгүү тенденциялары жана бул багыттагы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланган.
Зайырбек Эргешов диний билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар, өлкөдө радикалдаштырууга жана экстремизмге каршы туруу боюнча мамлекеттин, Мусулмандардын диний башкармалыгынын жана диний лидерлердин биргелешкен аракеттерин жөнгө салууну мындан ары активдештирүү жөнүндө айтып берген. Ошондой эле Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу тууралуу баяндалды.
Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик органдар, диний уюмдар жана лидерлер мындан ары карай да мамлекеттүүлүктү жана өлкө элинин биримдигин чыңдоо үчүн биргелешип иштөөсүнүн маанисин баса белгилеп, Кыргызстандагы диний кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн жана биргелешкен алдын алуу чараларын көрүүнүн маанилүү экенине көңүл бурган.
Туркистон:
Атамбаев апрель айында өтүүчү муфтийлик шайлоонун алдында өзүнө ыңгайлуу жана пайдалуу болгон талапкердин убадасын дагы бир жолу алып коймокчу болду. Муфтийликке Чубак ажы да талапкердигин койду. Анын аброю өтө жогору. Бирок аалымдар кеңеши УКМКнын т.а. Атамбаевдин колунда. Ошондуктан, муфтийликке шайлоо, болгону расмиятчылык үчүн гана өткөрүлөт. Акыйкатта болсо, муфтийди президент шайлайт.