Хейли: Россия Крымды Украинага кайтарып бермейинче санкциялар улана берет
АКШнын БУУдагы жаңы өкүлү Никки Хейли Украина чыгышындагы чыңалган кырдаал боюнча Россияны кескин айыптады. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Украина маселеси талкууланган жыйында сөзгө чыккан Хейлинин айтымында, жыл башынан бери Украина чыгышында күчөгөн жаңжалдарда Россиянын айыптуу.
“Мен катышып жаткан алгачкы жыйында эле Россияны агрессивдүү аракеттери үчүн сындап жатканыма өкүнөмүн. Россия менен алакаларды өнүктүрүүнү каалайбыз, бирок Украина чыгышындагы кырдаал орустардын аракеттерин ачык жана кескин каралоону талап кылат”, – деди АКШнын БУУдагы жаңы өкүлү.
Украина чыгышындагы жаңжалдар себептүү миңдеген жарандар оор абалга түшүп калгандыгын жана турак-жайлар урандыга айланып, күндөн-күнгө күчөп бара жаткан кризис себептүүү миңдеген адамдардын өмүрү коркунучта калып жатканын билдирген Хейли, Россияны Украинанын чыгышындагы зомбулукту токтотууга чакырды.
Хейли Крым Украинага тиешелүү экендигине басым жасап, ал Украинага кайтарып берилиши керектигин, антпесе Россияга карата колдонулуп жаткан санкциялар алынбастыгын билдирди.
“Эгерде Крым Украинага кайтарып берилбесе, Россияга карата колдонулуп жаткан санкциялар улана берет”, – деп баса белгиледи Хейли.
Мындан бир аз мурда, Россия менен жакшы алакаларды орнотууну каалай тургандыгын билдирген АКШ президенти Дональд Трамп Россияга каршы санкциялар алынышы мүмкүн экендигин айткан эле.