Франция дале Африканы кулга айлантуу ниетинде

494
0

Франция дале Африканы кулга айлантуу ниетинде

2017-жылы 14-15-январда Мали борбору Бомакода Африка-Франция саммити болуп өттү. Саммитте 35 Африка мамлекетинин башчылары жана колонизатор Франция президенти Франсуа Олланд катышты. Бул кезектеги жыйырма жетинчи саммит. Франция тамтыгы чыгып, талап-тонолуп жаткан бул Африка континенти үстүнөн өз өкүмдарлыгын баса орнотуу үчүн бул саммитти өткөрүп турат. Бул жаатта Франциянын Африкадагы жийиркеничтүү жүзүн жана бул континентти кул кылуу даражасына жеткен талап-тоноо аракеттерин эске салуу орундуу.

Көпчүлүк адамдар, а түгүл, саясат менен дыкат алектенгендер да билбеген нерсе ушул: Франция анын колониясы болуп келген мамлекеттерди 1961-жылдагы «эгемендүүлүк» келишиминен бери үлкөн каражаттарды төлөөгө мажбурлап келүүдө. Алар ушул он төрт мамлекет: Бенин, Буркина-Фасо, Гвинея-Бисау, Пил Сөөгү Жээги, Мали, Нигер, Сенегал, Того, Камерун, Борбор Африка республикасы, Чад, Конго республикасы, Экваториалдык Гвинея жана Габон. Себеби, ушул келишим бул мамлекеттердин чет эл валютасынан турган этият валюталык запасынын 85%ын француз финансы министринин көзөмөлү астында француз борбордук банкына аманат коюу милдеттенмесин жүктөйт. Американын «Блумберг» агенттиги тараткан кабарга ылайык, бул каражаттардан Франция жылына көрүп жаткан пайдалар 500 миллиард франкка жетет…

Франция Африкада колония кылып келген мамлекеттерге үстүртөн гана эгемендүүлүк берип, ал мамлекеттерде таасирин кепилдеп койгону эч кимге сыр эмес. Франция ушул таасири аркылуу өзүнүн эски колониялары үстүнөн өз өкүмдарлыгын бекем келет. Бул тармактын адиси, мурунку француз президенти Шарль де Голлдун жеке кеңешчиси Жак Фокар Елисей сарайында «Африка кожоюну» деген лакаб алган. Бул таасирди сактап калуунун вазыйпаларынын бири: Францияга бүтүндөй малайлык кылган адамдардын бийликке келишине жардам берүү жана бул Франция өкүмдарлыгына тоскоолдук жана каршылык кылган ар кандай кишини жок кылуу…

Өткөн элүү жылдары 26 Африка мамлекетинде 67 аскерий төңкөрүш жүз берген. Бул төңкөрүштөрдүн 61%ы француз тилинде сүйлөгөн Африка мамлекеттеринде жүз берди. Тышкы жана ички маалыматтар бул төңкөрүштөрдүн артында Франция турганын тастыктап турат… Бул төңкөрүштөрдүн белгилүүсү Пил Сөөгү Жээгинде жүз берген төңкөрүш болсо керек. Ошол кезде бул мамлекеттин президенти Лоран Гбагбо Франциянын бул мамлекетти сүлүктөй сорушуна чекит коюуга урунган. Бул коркунучту сезген Франция тезинен өзүнүн танктары, самолёттору жана атайын күчтөрү менен аралашты… Ал эми, Того президенти Олимпио француз франкынан баш тартууга урунган жана өзүнүн акча бирдигин чыгарганда Франция тарабынан колдоп-кубатталган атайын аскерийлер тобу бул шайланган президентти өлтүрдү…

Мындай тагдыр Малинин шайланган президентинин башына да түштү. Себеби, ал да француз валютасынан кутулууга аракет кылган. Ошондуктан, ал француз дивизиясынын офицерлеринин бири болгон Муса Траоре башчылык кылган төңкөрүштүн курманы болду…

Байлыктарды алып чыгып кетүүгө жана аларга кожоюндук кылууга келсек, бул жааттагы абал андан да жаман. Бул маселе колонизатордун, аныгы Франция колонизаторлугунун жийиркеничтүү жүзүн ачык-айкын көрсөтүп турат. Буга мисал кылып Франция Борбор Африкада эмне кылганын көрсөтүү мүмкүн. Париж Борбор Африкада уран казып алууну 2032-жылга чейин тоңдурууну жарыялаган. Ошондон кийин бул мамлекеттин мурунку президенти Франсуа Бозизе бул кенди казып алуу үчүн башка чет элдик компаниялардан жардам алышын билдирди. Натыйжада, ага каршы төңкөрүш жүз берди…

Франциянын бүгүнкү күнгө чейин токтобой келе жаткан кылмыштуу жийиркеничтүү колонизаторлугунун жүзү мына ушундай… Африка байлыктарын талап-тоноо, Африкадагы мамлекет башчыларынын өмүрүнө кол салуу, аларга каршы төңкөрүш жасоо жана ички согуштарды чыгаруу эсебинен жыргал жашап жаткан Франциянын чыныгы жүзү мына ушундай…

Бул акыйкатты мурунку француз президенти Франсуа Миттеран да моюнга алган. Ал 1957-жылы: «Африка континентисиз француз мамлекетинин жыйырма биринчи кылымда эч кандай тарыхы болбойт», – деген.

Жак Ширак да 2008-жылы муну баса белгилеп ушуларды айткан: «Африка континентисиз Франция үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин сабына түшүп калат. Ошондуктан, банктарыбыздагы каражаттардын чоң бөлүгү кара континентти сооруп жатканыбыздан келип жатканын ачык айтып моюнга алышыбыз керек».

Албетте, бул – текчил демократиялык түзүмдүн бир бөлүгү болгон жийиркеничтүү колонизаторлук… Бул түзүмдүн кылмыштарын тынымсыз көрүп жатабыз. Чоң дүрбөлөң жараткан бир китепте Франсуа Олланддын моюндоолору далил болууга жетиштүү. Китепте Олланд мындай дейт: «Мен чынында Франциянын жогору кызыкчылыгы үчүн төрт кол салууну ишке ашырууга уруксат бердим».

Адамдар Африканын азат болушун дале күтүшүүдө. Бул талап-тонолгон жана эзилген гигант азат болуп, анын байлыктары өз калкына жана бүткүл дүйнөгө толуп ташып агышын күтүшүүдө… Анткени, ал – Аллах Таала эсепсиз байлыктарды берген жана географиялык жактан чоң мааниге ээ, бай континент…

Бул азаттыкты либерал демократиялык капитализм мабдасын кулатып, өз мабдасы менен өнүккөн эл аралык күч жүзөгө чыгарат… Ал – Ислам мамлекети, Аллахтын уруксаты менен жакында кирип келчү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык күчү. Халифалык адамзат тарыхындагы эң чоң уурулук жана кул кылуу шерменделигин амалий таризде ачыктап, колонизатордун кишендерин талкалайт… Ошол күндө Африка жаңы саясий жагдай себептүү шаттыкка толот…

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук матбуат бөлүмүнүн аялдар жааты

 

телефон-факс: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: ws-cmo@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here