Бири-бирине каршы согушуу – Американын саясий чечими деген ыплас бактын бир бутагы

328
0

Бири-бирине каршы согушуу Американын саясий чечими деген ыплас бактын бир бутагы

Бүгүн Шамдагы топтор ортосунда болуп жаткан – Астана конференциясынын убагына туура келген – өз ара согуштар эмнеге далалат кылышын акыл жүргүзгөн кишиге сыр эмес. Мындай согушка аны тыюуга кудуреттүү болуп, бирок тыйбаган жана Шам калкы арасында буга ыраазы болуп жаткан ар бир кимсе жоопкер. Калыс кишилер өз ара согушту токтотууга кайра-кайра чакырышканына карабастан, топтор ортосунда өз ара согуш көп ирет, кайра-кайра жүз берди, ар сапар арзыбаган себептерге ылайык жана Аллах эч бир хужжат түшүрбөгөн шылтоолор менен көптөгөн кандар төгүлдү. Бул чакырыктарга кулак салынбады.

2016-жылы 29-декабрда жарыя кылынган ок тууну токтотуу жөнүндөгү келишим топтор ортосундагы өз ара согушка жол даярдаган биринчи кадам болду. Өз ара согуш – Америка саясий чечиминин талаптарынын бири. Мындай согуш Америка саясий чечимин четке кагып жаткандарды «террорчу» уюмдардын тизмесине киргизүүгө жол даярдайт.

Эй, дарул Ислам борбору болгон Шам мусулмандары, козголоңдун мындай акыбетке келишине душмандардын тил бириктирүүлөрүнөн кабардар болгон аң-сезимдин жоктугу жана өз ара согуштун жүз беришине жол бербеген, козголоңду төгүлүшү арам болгон канды төгүүдөн коргогон аң-сезимдүү саясий жетекчиликтин жоктугу себеп болгондугу эч кимге сыр эмес. Топтордун колундагы курал-жарак өз ара согушуу үчүн эмес, Шам калкын жана алардын ар-намыстарын коргоо үчүн багытталышы керек. Козголоңдогу бул кубат козголоңго аракет багытын көрсөтүп, туура ишенимди анык белгилеп бере турган саясий жетекчиликке муктаж. Ушундай жетекчилик болсо гана курал туура багытына багытталат.

Эй, Шам жериндеги абройлуу кишилер, эй раъй жана сөз ээлери, силердин жоопкерчилигиңер өтө чоң. Себеби, силер козглоңго туш боло турган ар кандай бузулууга жол бербөөгө кудуреттүүсүңөр. Куралдуулар ортосунда жүз бере турган ар кандай согушту токтотуу мүмкүнчүлүгүнө ээсиңер. Ошондой болгон соң, өз ара согушту четке каккан билдирүүлөрдү чыгаргыла жана перзенттериңерди Аллахка күнөөкөр болууга буйруп жаткан командачыларына моюн сунуудан тыйгыла. Анткени, Жаратуучуга күнөөкөр боло турган нерседе махлукка итаат кылынбайт. Ушуну жакшы билип алгыла, бул козголоң улуу Ислам долбоорун көтөрүп чыккан жана козголоңго ушул долбоор менен башчылык кылган калыс саясий жетекчилик менен гана оңдолуп туура жолго салынат. Аллах ирада кылгандай, Анын калыс пенделеринен болгула. Ошондо Анын ыраазылыгын каалай турган, Ал буйруган нерсени гана аткара турган, кайтарган нерседен кайта турган жана Аллах жолунда эч бир жемелөөчүнүн жемесинен коркпой турган болосуңар.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, албетте, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат, албетте, Анын алдына топтолосуңар»                [8:24]

 

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын матбуат бөлүмү

 

Skype: TahrirSyria

Электрондук почта: media@tahrir-syria.infoahmadabdalwahab2@gmail.com

Сирия вилаятынын расмий сайты: www.tahrir-syria.info

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here