Россиянын аскерий базасы Кыргызстанда дагы 15 жылга калтырылды

296
0

Россиянын аскерий базасы Кыргызстанда дагы 15 жылга калтырылды

2017-жылдын 29-январында “Россиянын бириккен аскерий базасынын макамы Кыргызстанда туруу шарттары тууралуу” келишим күчүнө кирди. Бул келишимге ылайык, Россиянын Кыргызстандагы бир катар аскердик обьекттери бириккен аскерий базага айланат. Россиянын аскерий базасынын максат жана милдеттери өзгөрүүсүз калат.

Келишимде Россия аскерий объектисинин тартип-эрежеси жана шарттары, өздүк курам жана алардын үй-бүлөлөрү мамлекеттин аймагында калуу эрежелери жергиликтүү мыйзамдардын алкагында кайрадан белгиленди. Документте эч кандай сан жана сапатка тиешелүү өзгөрүүлөр жок.

Бирдиктүү базанын курамына         Канттагы аскерий аба майданы, Ысык-Көлдөгү сыноо полигону, Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор жана Чалдыбардагы байланыш борбору кирет. Бул келишим 15 жылга чейин күчүндө калат жана тараптардын бири аны токтотууну каалаганга чейин автоматтык түрдө 5 жылга узартылып турат.

Туркистон:

Президент Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында : “Россиянын Канттагы авиабазасы да Кыргызстандан чыгарылат” деген эле. Эксперттер президенттин бул сөзүн “болгону популисттик билдирүү” деп баалашкан.

Кыргызстан саясий жана экономикалык кризис абалдында. Бийлик өлкөнү бул экономикалык жана финансылык кризистен алып чыга албаса, саясий кризис жүз бериши күтүлүүдө. Т.а. экономикалык жана финансылык проблемалар саясий кризисти күчөтүп жиберет.

Ошондуктан, Кыргызстан бийлиги бюджеттин тартыштыгын убактылуу болсо да жаап туруу үчүн экономикалык жактан колдой турган демөөрчү издеп жатат. Ошол эле учурда саясий кризистин алдын алуу үчүн саясий демөөрчү да издеп жатат. Президенттин Россиянын аскерий базаларын чыгарып жиберүү туурасындагы билдирүүсү, батыштык инвесторлордон карыз алуу максатында айтылган сөз болчу. Бирок, Батыш мамлекеттери менен эл аралык финансылык уюмдар президенттин бул сөзүнө көңүл бурушпады. Т.а. эл аралык уюмдар Кыргызстанга карыз берүүдөн баш тартып жатышат.

Ошондуктан, президент бир катар аскерий реформаларды баштап жиберди. Ал Путиндин изи менен бара жатат. Путин да 2016-жылы улуттук гвардия түзүп, ал аркылуу бүтүндөй аскерий структуранын кадр саясатын көзөмөлгө алган эле. Ошондо Путин жүздөгөн генералдарды алмаштырып, алардын ордуна өзүнүн баш кесер аскерийлерин дайындап баштаган. Бул болсо, анын Европага каршы аскерий саясатына байланыштуу.

Бирок, Атамбаевдин аскерий реформалары жана Россиянын аскерий базаларын Кыргызстанда мындан да күчөтүү иштери, бир гана ички саясий абалдын курчуп бара жатканына байланыштуу. Т.а. азыркы саясий кырдаалда Атамбаев Россиянын каалоосуна тескери бара албайт. Россия да муну билет. Ошондуктан, анын мындай ыңгайлуу учурдан пайдаланып калууга аракет кылышы табигый көрүнүш.

Демек, Россиянын аскерий колонизаторлугу мындан ары да уланышына уруксат берилишинин себеби, Кыргызстан бийлиги өз кызыкчылыктары үчүн өлкө кызыкчылыктарын курмандыкка чалып жаткандыгында.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here