Даъват жүгүн көтөрүп келген муслима энебиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабар

231
0

Даъват жүгүн көтөрүп келген муслима энебиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабар

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан, даъват жүгүн көтөрүп, бул жолдо көптөгөн жылдар тынымсыз аракет кылган муслима энебиз Абдураимова Сарахан апа көпкө созулган оорудан кийин, 28-январь күнү көз жумгандыгын терең кайгыруу менен кабарлайт.

1938-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда төрөлгөн Сарахан апа Хизб ут-Тахрир пикирлери менен таанышкан күндөн баштап, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо жолунда аракет кылып келди. Сарахан апа 1998-жылы Хизбдин катарына кошулду жана ошондон бери Хизбдин сабында аракет кылып келди.

Сарахан апа жашы өтүп калгандыгына жана ден соолугу начарлап бара жатканына карабастан, өмүрүнүн акырына чейин тууган-урук жана кошуналарын о.э. бардык мусулмандарды Аллахтын динине даъват кылып келди. Аны элдин баары Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү катары тааныйт эле.

Биз Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан вилаятынын мүчөлөрү Аллах Тааладан Сарахан апаны Өзүнүн рахматына алышын, бейиште пайгамбарлар жана сыддыктар менен бирге кылышын сурайбыз.

Сарахан апанын артында калган жакындарына, айрыкча, Абдумажит агабызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аллах Тааладан ага көркөм сабыр беришин сурайбыз.

Сарахан апа сиздин өлүмүңүз бизди терең кайгыга салган болсо да, Аллахты ыраазы кылуучу сөздөн башкасын айтпайбыз:

رَاجِعونَ إِلَيْهِ وَإِنَّـا لِلّهِ إِنَّا

Албетте, бардыгыбыз  Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте бардыгыбыз Ал Затка кайтуучуларбыз”  [2:156]

 

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here