Тереза Мэй: АКШ менен биргеликте дүйнөнү башкарышыбыз мүмкүн

325
0

Тереза Мэй: АКШ менен биргеликте дүйнөнү башкарышыбыз мүмкүн

АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Кошмо Штаттарга барган Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жолугушуунун алдында Ак үйдө сөз сүйлөдү. Ал Республикачылар партиясына кайрылып, Британия менен АКШ ортосунда түзүлүүчү жаңы мамилелер жардамында дүйнөнү биргеликте жаңыдан бшкаруу мүмкүн экендигин билдирди. Мэй өзү сыяктуу консервативдик көз карашта болгон досторуна кайрылып жаткандыгына басым жасап, эки мамлекет ортосунда өткөн кылымдагы мамилелер о.э. биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштагы кызматташтыктар тууралуу мисалдарды келтирди, эки мамлекет жаңы союз жана ортоктош саясат аркылуу дагы да күчтүүрөөк таасирге ээ болушу мүмкүн экендигин айтып: “Дүйнөнү АКШ менен биргеликте башкарышыбыз мүмкүн”, – деди.

Тереза Мэй Трамптын саясатын колдой тургандыгын да билдирди. Ал “жаңы АКШ”  деп Трамптын саясатына жана “жаңы Британия” деп Брекситке (Британиянын Европа Союзунан бөлүнүп чыгышына) ишара кылып: “Дүйнөлүк сахнада жаңы АКШнын жаңы Британия менен бирге пайда болушу эки мамлекет үчүн пайдалуу болот”, – деди.

Мэй Трамптын утуштарын алкыштап, АКШ менен дүйнөнү жаңыдан калыптандыруу каалоосу бар экендигин жана дүйнө Европа Союзу мамлекеттеринен гана турбастыгын о.э. ар бир мамлекет менен жаңы келишимдерди түзүү менен дагы да күчтүүрөөк союз жаратышы мүмкүн экендигин айтып өттү. О.э. Британиянын Европа Союзундагы мүчөлүгүнө чекит коюшун, эски достору менен күчтүү мамилелерди орнотушун жана жаңы мамилелер аркылуу эки мамлекет биргеликте жаңыдан дүйнөгө аким болушун айтты.

АКШ админстрациясына кайрылып: “Ар кандай абалда, биз силер менен биргебиз”, – деген жана бардык эл аралык уюмдарды, ошону менен бирге НАТОну да дагы бир жолу карап чыгуу зарыл экендигин баса белгилеген Мэй, жаңы АКШ жана Британиянын дүйнөгө жетекчи болушу дүйнө үчүн да пайдалуу боло тургандыгын кошумчалады.

Мэй Жакынкы Чыгыш маселесине да токтолуп, Израилге жардам беришин айтып, досторуна кылынган чабуулга каршы, керек болсо аскерий аралашууга да даяр экендигин баса белгиледи. “Радикал Ислам”га каршы катуу чаралар менен күрөшө тургандыгын да эстен чыгарбады.

Тереза Мэй АКШ сапарынан кийин Түркияга барып, Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым менен жолугушту. Британия премьер-министринин маалымат кызматы берген билдирүүгө таянсак, Британия менен Түркия жетекчилери стратегиялык коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

Туркистон: 

Тарых өзгөрбөгөн абалда кайталанып жаткандай. Эсиңизде болсо Тони Блэр Британиянын премьер-министри болуп турганда, кичүү Буш бийликке келген эле. Блэр кудум ушул Тереза Мэй сыяктуу АКШнын агрессивдүү аракеттеринде анын канаты астына кирип алып, 11-сентябрь окуясын уюштуруу менен Ирак жана Афганистанга бастырып киришинде ага шерик болуп алган эле. Андан соң, АКШ Афганистанда саясий жана аскерий кризис баткагына батып калышы үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке салганы тарыхтан белгилүү. АКШ Афганистанда согушка кирип миңдеген курмандыктарды бере баштаганда, Англия мужахиддерге белгилүү бир төлөмдөрдү төлөп берүү менен, согушка катышпай туруп алган. Анын максаты АКШны мусулмандарга каршы согуш баткагына алып кирип, эл аралык саясатта бир аз болсо да алсыратып коюу эле.   

 Хизб ут-Тахрирдин саясий караштар китебинин 4-бетинде: “Эң оболу билип коюу зарыл болгон нерсе, Англия калкы аз сандуу калк жана Англия мамлекети кичинекей мамлекет. Ошондуктан, ал мына ушул тараптан ири дөөлөт болууга да, этибарга ылайык мамлекет болууга да ылайык эместиги табигый. Бирок, бул англия калкы эки касиети менен т.а. акыл жөндөмү жана айлакерлиги менен башкалардан айырмаланып турат. Ушул эки касиети менен Англия ири мамлекет боло алды о.э. жалпысынан алганда бүткүл дүйнөгө, өзгөчөлөп алганда, Ислам Мамлекетине кооп сала алды”,  – деп келет.

Т.а.  Англия жетекчи мамлекеттер ортосунда тең салмактуулукту сактап турууга умтулат. Максаты, учурдагы дүйнөлүк системаны сактап туруу. Ал үчүн Англия жетекчи мамлекеттер ортосундагы тең салмактуулукту сактап турууну өзү үчүн негизги маселе кылып алды. Себеби, тең салмактуулук бузулса, Англия азыркыдай деңгээлге жетүү үчүн өтө көп аракет кылышы керек болот. Ошондуктан, ал БУУнун Коопсуздук кеңешинде туруктуу мүчө болуп турган азыркы деңгээлин сактап калуу үчүн жан үрөп аракет кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here