Караколдо аскерлер экстремизм коркунучунан кабардар кылынды
“Азаттык” радиосунун кабарына таянсак, Каракол шаарынын башкы имам хатиби Талант ажы Сабриков аскерлер менен экстремизмге каршы күрөшүү маселесин талкуулашты. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн аптада №2028-аскерий бөлүктө аскерлер менен уюштурулган жолугушууда терс диний агымдардын ишмердиги, экстремизм коркунучу талкууланган. Жыйын суроо-жооп көрүнүшүндө өтүп, аскерлерге Куран аяттары жана ҳадистер мисалында маалымат берилген.
Муфтият аскерлер арасындагы мындай жолугушуулар диний агымдардын жайылышына бөгөт коюуда оң натыйжа берерин белгилейт.
Туркистон:
Өзбекстан бийлиги да Ислам жана мусулмандарга каршы кеңири масштабдуу күрөшүн баштаганда муфтият кыматкерлеринен т.а. имам хатибдерден пайдаланган эле. Имамдар бийликтин буйругу негизинде УКМК, ИИМ, аскерий кызматкерлер… менен тез-тез жолугушууларды өткөрүп “туура эмес диний агымдар” тууралуу кеңири маалыматтарды беришкен. О.э. бийликтин талабына туура келбеген ар кандай диний кыймыл жана жамааттарды “жолдон адашкан, бузуку жана эл душманы” катары сүрөттөшкөн эле. Күч түзүмдөрүнүн кыматкерлерине, мындай “жолдон адашкандарды” туура жолго салуу сооптуу иш экендиги уктурулуп, мусулмандарга зулум кылууну адалдап беришкен.
Муфтияттын сөзүн шаръий өкүм катары кабыл алган күч түзүмүнүн кыматкерлери “сооп иштерин” көбөйтүү үчүн кармалган жана камакка алынган мусулмандарды “туура жолго” салууга катуу көңүл бурушту. Мунун натыйжасында, Өзбекстан абактарынан жүздөгөн мусулмандардын сөөгү чыкты. “Туура жолго” түшүүнү каалабаган мусулмандар 20 жылдан бери залимдин абактарында адам чыдагыс кыйноолорго дуушар болушууда.
Акыйкатта болсо, Пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллоху алайхи васаллам: “Кимде-ким бир момун-мусулмандын өлтүрүлүшүнө жарым сөз менен болсо да жардам берсе, ал Кыямат күнү эки көзүнүн ортосунда “Аллахтын рахматынан үмүтүн үзгөн” деген жазуу менен келет”, – деген. (Ибн Мажа риваяты).
Мындан тышкары, атайын фильмдерди тартышкан. Бул фильмдерде мусулмандар жырткыч жана канкор катары көрсөтүлүп, мусулмандар бүтүндөй адамзатка, ар кандай илимий жана дүйнөлүк жаңы ачылыштарга душман катары сүрөттөлгөн. Мындай “адашкан топ”тордун негизги бутасы күч түзүмүнүн кыматкерлери экендиги кайра-кайра уктурулган. Мунун натыйжасында, күч түзүмдөрү мусулмандарды өздөрүнүн чыныгы душмандары катары кабылдашты. Натыйжада күч түзүмүнүн кыматкерлери менен мусулмандар ортосунда өтө чоң жарака пайда болду.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан уламалары да айрылыш жолдо калды.
Биринчи жол; Алардан ыймандан баш тартууну талап кылат. Бул жолдо уламалар бийлик сызып берген долбоор долбоор боюнча мээлүүн Ислам, салттуу Ислам… сыяктуу бузук пикирлерге үгүтөө менен мусулмандарды экиге бөлүп бериши, бийликтин ар бир мыйзам жана токтомдоруна шаръий тон кийгизип, мусулмандарга Исламий өкүм катары сунуштоосу керек болот. Бул кызматынын акысына алар арзыбаган дүйнө маталарына ээ болушуп, диний мекемелерге же бирер мечитке имам хатиб болуп дайындалышат.
Экинчи жол; Бул жолду тандаган уламалар ишенимдерине бекем туруп, Үммөткө Ислам динин толук бойдон жеткиришет. Алар бул жолду тандап, бийликтин айтканына жүрбөгөнү үчүн кызматынан алынып, куугунтуктоого, кысым көрсөтүүгө, камакка алууга дуушар болушат. Аларды дүйнө турмушунда мусибат жана кыйынчылыктар күтүп турат. А бирок ошондой болушуна карабастан, дал ушундай уламалар Пайгамбарыбыздын чыныгы мураскорлору болуп эсептелишет.
Абу Дарда разияллоху анхудан риваят кылынган хадисте Расулуллах соллаллоху алайхи васаллам: “Албетте, уламалар пайгамбарлардын мураскорлору. Пайгамбарлар динар же дирхам мураска калтырышпайт. Алар илимди мураска калтырышат. Кимде-ким мал-дүйнөнүн ордуна илимди алса, өтө чоң үлүшкө ээ болуптур”, – деген.(Абу Давуд жана Термизий риваяттары).