Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды

262
0

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды

 23-24-январь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында Сирия кризиси боюнча Сирия бийлиги менен оппзоциясы ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өтөт. Сүйлөшүүлөрдө Россия, Иран, Түркия, АКШнын өкүлдөрү жана БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура катышууда.

Сирия оппозициясы жана революциялык күчтөрү улуттук коалициясынын жетекчисинин орун басары Абдул Хаким Башардын “ТАСС” агенттигине билдиришинче, Сирия бийлигинин делегациясы менен оппозиция өкүлдөрү Астанада сүйлөшүү столуна отурат жана ортомчулардын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү баштайт.

Ал: “Ооба, бул түздөн-түз сүйлөшүүлөр болот”, – деп айтып, бирок, ортомчу ким экендигин ачыктаган эмес. Анын айтышынча, бул Россия, Түркия же БУУ болушу мүмкүн.

Оппозиция делегациясынын дагы бир өкүлү Усама Абу Зайддын журналисттерге билдиришинче, Сирия оппозициясы сүйлөшүүлөрдө келишимге көӊүл бурат, азырынча кризисти саясий жол менен чечүү маселесин карап чыкпайт.

“Ар кандай сүйлөшүүлөрдө, эгерде келишимге амал кылынбаса, проблеманы чечүү туурасында сөз болушу мүмкүн эмес. Ок атууну токтотуу тартиби – сүйлөшүүлөрдөгү ийгиликтин башкы фактору болуп эсептелет”, – деди Усама Абу Зайд.

Анын билдиришинче, Сирия оппозициясы Дамаскка жакын жердеги Барад өрөөнүндө келишим маселесин күн тартибине сунуштайт. Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, бул аймактагы келишимди Иранга караштуу “Хизбулла” уюмунун согушкерлери бузууда.

Ал: “Бул нерсе келишимди бузуу эле эмес, аймакты ээлеп алууга аракет кылуу болуп эсептелет”. “Биз бул маалыматты кепилдик берген мамлекеттерге сунуштадык жана алардан таасир өткөрүүнү талап кылдык”, – деди.

Туркистон: 

Куфр менен Исламды бириктирүү мүмкүн эмес. Ар кандай аралаштыруунун натыйжасы куфр болуп чыга берет. Бул нерсе, таза сууга нажас аралашып кеткенден кийинки суунун өкүмү сыяктуу болот.

Дүйнөлүк куфр системасы менен кызматташуу дегени, анын башкаруу механизмине ыраазы болууну түшүндүрөт. Эми өздөрүн Исламий уюмдун өкүлдөрү деп эсептеп жаткан бул жетекчилер куфрдан “Хизбулланы” тыйып берүүсүн, Асадга бир ооз насаат кылып коюусун о.э. бир аз курал-жарак берип туруусун сурануу менен күн көрүшөт. Себеби, алар куфр системасынын кербенине кошулушту. Андан да жаман жери, миллионго жакын калкты кыргын кылган топтор менен келишим түзүүгө ыраазы болушту! Эми бул Ислам эмес!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here