Лавров: Эгерде Сирияга биз кирбесек, Ассад режими үч аптада кулайт эле

257
0
Russia's Foreign Minister Sergei Lavrov reacts during a meeting with his German counterpart Frank-Walter Steinmeier (not pictured) in Moscow November 18, 2014. Steinmeier said he would assess the chances of making progress to end the crisis in Ukraine during talks in Moscow on Tuesday but Russia said it saw no chance of a breakthrough. REUTERS/Sergei Karpukhin (RUSSIA - Tags: POLITICS)

Лавров: Эгерде Сирияга биз кирбесек, Ассад режими үч аптада кулайт эле

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров салтка айланып калган жылдык маалымат жыйынын өткөрдү. Лавровдун билдиришинче, Россиянын Сирияга кириши туура иш болгон. Себеби, Россиянын аскерий күчтөрү Сирияга кирген кезде Асад режими эки же үч апта аралыгында кулап, бийлик куралдуу оппозициянын колуна өтүп кетиши күтүлүп жаткан.

Түпкүлүгүндө, Асад режимин Россия  эле эмес, Түркия, Иран жана башка региондогу мамлекеттер биргеликте куткарып калышты. Бул иш Америка көзөмөлү астында ишке ашырылды. Россиянын президенти Владимир Путин “Асад режими бизге караганда Америкага жакыныраак” деп айткан эле.

Сирияда ынкылап башталгандан бери Сирия калкы башынан өткөрбөгөн кыргын, фитна, тилбириктирүү жана кыянат калбады. Сирия маселесин жакшылап күзөткөн адам, Сирияда мусулмандар Асад режимине эле эмес, АКШ башчылыгындагы бардык куфр дүйнөсүнө о.э. АКШга малай болгон Исламий өлкөлөрдөгү акимдерге каршы күрөшкөндүгүн көрөт.

Америка региондогу бардык мамлекеттерге ролдорду белгилеп берди. Кайсы бири согушка кирген болсо, башка бири тышкарыдан жардам берди. Асад режими өтө тездик менен кулап бара жатканын көргөн Америка Асаддын альтернативасын пайда кылууга киришти. А бирок, бул жаатта ийгиликке жетише албады. Андан соӊ, Иран хизбин ишке салды. Иран да пайда бербеген соӊ, Россиядан Сирияга кирүүнү талап кылды. Бирок Россия күнү-түнү бомбалап жатып да, Сирия калкын чөгөлөтө албады. Ошондон кийин АКШ Түркияны ишке салды. Акыры Түркия “Ефрат калканы” операциясын шылтоолоп, Халабды (Алеппо) коргоп турган күчтөрдү тартып кеткени себептүү, АКШ Асадды сактап калууга жетишти.

Бул жерде союздаш Россия-Түркия мамлекеттеринин билдирүүлөрү бири-бирине тескери келип жатат. Түркия президенти “Биз Сирия режимин кулатуу үчүн Сирияга кирдик” десе, Россия президенти “Биз кирбесек Сирия режими эки-үч аптада кулайт эле” деп жатат. Муну кандай түшүнүүгө болот? Бири режимди кулатуу жөнүндө сөз кылса, экинчиси сактап калуу жөнүндө сөз кылып жатат. Ушундай болгон соӊ, эгерде ортодо тил бириктирүү болбосо, бул эки мамлекет бир-бири менен келише алышы мүмкүнбү?!

Ооба, Түркиянын кыянаты Асадды сактап калды. Эрдоган бул кыянатын түрдүү айла-амалдар менен жашырууга аракет кылган болсо да, бирок, Путин муну ашкере кылып койду. Путин, Халабдын чыгышынан куралдуу оппозицияны башка тарапка тартуу Түркия президенти менен түзүлгөн келишим боюнча ишке ашканын билдирди.

Путин Халаб тууралуу берген билдирүүсүндө: “Халабда биз келишип алган иштер болду. Бул иштер боюнча Түркия президенти Санкт-Петербургга келген учурда келишип алган элек”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here