Жалал-Абад: диний экстремизмдин алдын алуу чаралары күчөтүлдү

351
0

Жалал-Абад: диний экстремизмдин алдын алуу чаралары күчөтүлдү

 “Азаттык” радиосу тараткан кабарда келишинче, Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында ыкчам иш-чараларды күчөткөн.

“Азаттык” радиосунун кабарына таянсак, 17-январда Сузак районунда Хизб ут-Тахрир уюмунун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган үч тургундун үйү соттун санкциясы жана күбөлөрдүн катышуусунда тинтүүгө алынган. Тинтүүдө мазмуну шек туудурган диний китептер, баракчалар алынган. Алардын арасынан Сириядагы кырдаал, “Ислам мамлекети” уюму боюнча материалдар да чыккан.

Базар-Коргон районунда болсо Чүй облусунан барган жаран кармалган. Анын жанынан муфтияттын мөөрү коюлбаган, уруксаты жок басылган диний китептер, дин тууралуу жазылган дептерлер табылган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган жана теологиялык экспертиза дайындалган.

ИИМ берген маалыматка ылайык, 2016-жылы облуста диний экстремизм боюнча 79 абал катталып, 48 кылмыш иши козголгон. О.э. бул мурдагы жылга салыштырганда көп экендиги айтылган.

Туркистон: 

Кыргызстан бийлиги орган кызматкерлерине диний кылмышкерлерди кармоо боюнча жылдык же кварталдык план белгилеп берет. Күч түзүмдөрүнүн бардыгы диний кылмыштар боюнча шектүү адамдарды кармоо операцияларын өткөрүүдө өзгөчө система пайда кылышкан. Алар муну “ишке ашырыла элек кылмыштын алдын алуу операциясы” деп аташат. Бул мусулмандарга карата иш аракеттер мыйзамсыз экендигин жашыруу максатында, дүйнөдө болуп  жаткан согуш же террордук операцияларды Ислам жана мусулмандарга жабыштыруу менен телеканалдар аркылуу үгүт иштерин жүргүзүп, маалыматтык чабуулдарды уюштуруп турушат. Максаты, дүйнөлүк уюмдардан алып  жаткан материалдык жана финансылык жардамдар үчүн отчёт берүү о.э. алардан дагы ушул багыттагы аракеттерин улантуу үчүн каражат алуу.

Алар мындай чабуулдарда негизинен Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүн бутага алышат. Бийлик диний адамдарга каршы күч органдарынан түзгөн бул мафиялык система диний адамдардын арызына жооп берүүдөн баш тартып жатат. Сот системасы да, диний кылмыш боюнча шектелген адамдарга каршы жалаа экендиги даана көрүнүп турган же тинтүү өткөрүүгө арзыбай турган негиздер менен келген тергөөчүлөргө коркпостон санкция берип жиберүүдө. Бул сыяктуу мыйзамсыз аракет бирер батышчыл адамга, кумсага (гей) же оппозиция өкүлүнө карата уюштурулса, бардык мамлекеттик эмес уюмдар бутка турушат. Жүздөгөн мусулман жана муслималарга Хизб мүчөсү деген жалаа жабылып жатканына эч ким көӊүл бурбай жатат.

Орган кызматкерлерине – алар бир ишкананын жумушчулары сыяктуу – милдеттенмелер жүктөлөт. Алар: “Быйыл баланча диний адам кармалды. Алардын баланчасына кылмыш иши козголду. Бул өткөн жылдагыга караганда баланчага көбүрөөк”, – деп мактанышууда. Эгерде бул Батыштагы донорлор үчүн отчёт болбогондо, тескерисинче “быйыл диний кылмыштар баланчага азайды” деп мактанышат болчу. Эми бул орган кызматкерлери жогору жактан жүктөлгөн милдеттенмени аткаруу үчүн, жок жерден кылмышкер издей башташат. Балдарыбыздын телефондорун текшеришет. О.э. жасалма айыптоолор негизинде диний адамдардын үйлөрүнө бастырып кирип, кылмыштуу элементтерди издей башташат. Бастырып кирген үйлөрүнөн кылмыштык материал таба алышпаса,  анда өздөрү таштап коюп болсо да, жогорудан коюлган планды ашыгы менен аткарууга аракет кылышат.

Кыргызстанда укук коргоо органдары тарабынан мусулмандарга карата өзгөчө көз караш негизиндеги мамиле калыптанып барууда. Бул болсо, бийлик атайылап калыптандырып жаткан өтө кооптуу жана  уюшкан кылмыштуулук негизиндеги мамиле болуп эсептелет. Мусулмандардын иштери жана акы-укуктарына мыйзам жагынан башкалар катары көӊүл бурулбаса, мусулмандар өздөрүнүн акы-укуктарын өздөрү коргоого мажбур болушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here