Тунисте Хизб ут-Тахрирге тыюу салууга чакырыктар

407
0

Тунисте Хизб ут-Тахрирге тыюу салууга чакырыктар

Тунисте “Хизб ут-Тахрир” маселеси дагы кайрадан кызуу талкууга айланды. Буга хизбдин мамлекеттик коопсуздук күчтөрүнө каршы берген билдирүүсү себеп болгондугу айтылууда.

Кабарда келишинче, Хизб ут-Тахрир саясий бюросунун мүчөсү Имад Хадук маалымат жыйынында көргөн нерселерине раддия катары т.а. өздөрүнө карата коопсуздук кызматкерлери тарабынан кысым көрсөтүүлөр жана өзүм билемдиктерге раддия катары коопсуздук органдарына нааразылык билдирген.

Хадуктун билдирүүсү расмийлердин Хизб ут-Тахрирге карата жалаа жабуусуна түрткү болду. Хизб ут-Тахрирдин билдирүүсүнөн кийин ички коопсуздук кызматы билдирүү чыгарып, Хизб ут-Тахрирди коопсуздук күчтөрүнө каршы ушак таратууда жана чабуул кылууга үндөгөндүктө айыптады. О.э. хизбдин таратып жиберилишин талап кылды. Ички коопсуздук күчтөрү кызматы Хизб ут-Тахрирге каршы доо арыз бергендигин баса белгилеп: “Хизбдин бул билдирүүсү коопсуздук кызматкерлерин жана алардын жакындарын бутага алууда. Бул нерсе биринчи жолу болуп жаткан жок”, – деп кошумчалады.

Ички коопсуздук күчтөрүнүн маалымат катчысы Шукри Хамада Хизб ут-Тахрирди террорчу уюмдар тизмесине киргизүү зарыл экендигин баса белгиледи. Хамаданын айтымында, Хизб Тунис конституциясын же мамлекеттик мекемелерди тан албайт жана бир гана Халифалыктын мыйзамдуулугун жактайт. Хамада Хизб ут-Тахрирдин билдирүүсүн мыйзамга жана мамлекетке каршы баш көтөрүү деп баалап: “Хизб мекен түшүнүгүнүн ордуна Халифалык түшүнүгү тууралуу сөз кылат”, – деди.

Ички коопсуздук күчтөрүнүн маалымат катчысы: “Мамлекет Хизб ут-Тахрирге кайдыгер карашынын натыйжасында терроризм сыяктуу олуттуу коркунучтар пайда болот”, – деп кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here