Кыргыз-өзбек чегарасын аныктоо боюнча Ош шаарындагы сүйлөшүү жабык эшиктер артында өтүүдө
“Азаттык” радиосунун кабарына таянсак, 17-январда Кыргызстан-Өзбекстан чегара тилкелерин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги баскычы улантылды.
Кыргызстан жана Өзбекстан чегарасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комсиссиянын жолугушуусу Ош шаарында 16-январь күнү башталган. Кабарда келишинче, жолугушуу жабык эшиктер артында өтүп жатат.
Бул жолугушууга Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Икрамов жана Кыргызстандын вице-премьер-министри Жениш Разаков башчылыгындагы делегациялар катышууда.
Жолугушуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын декабрь айында Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча өтүүдө.
1378 километрдик кыргыз-өзбек чегарасынын 320 километри азыркыга чейин аныктала элек.