
Тиллерсон Сирия кыргынындагы АКШнын ролун жашырууга аракет кылды
АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчылыкка сунуштап жаткан Рекс Тиллерсон АКШ сенатында сөз сүйлөп, Сирия кыргынындагы АКШнын ролун жашырууга аракет кылды.
АКШ сенатынын тышкы алакалар комитетинде сенаторлордун тышкы саясат туурасындагы суроолоруна жооп берген Тиллерсон АКШнын Жакынкы Чыгыштагы таасири алсырагандыгын билдирип, АКШ региондо өз таасирин кайрадан тикелөө үчүн союздаштары жана достору менен кызматташтыкты улантышы керектигин баса белгиледи. Тиллерсондун билдирүүсүнө таянсак, АКШ Жакынкы Чыгыш регионунан бир аз артка чегингени себептүү, демилгени Россия өз колуна алган, натыйжада Түркия да Россияга карай умтула баштаган.
“Таштай турган биринчи кадамыбыз, региондогу союздаштарыбыз жана досторубуз менен аракетибизди кайрадан баштоо болушу керек. Кайтып келгенибизди аларга билдиришибиз жана бул жаатта пландарыбыз бар экендигин түшүндүрүшүбүз керек. Азыр бул абалыбызда эч нерсе кыла албайбыз”, “Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен кызматташтыкта иш алып баруу зарыл. Түркия биздин НАТОдогу эски союздашыбыз. Ал региондо АКШ жоктугунан тынчсызданып, Россияга карай жүздөндү. Ага Россия туруктуу союздаш боло албастыгын анык көрсөтүп беришибиз керек. Түркиянын союздашы Америка Кошмо Штаттары”, – деди Тиллерсон.
Мындан бир аз мурда АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Кирби да Халабды (Алеппо) кайрадан куруу жөнүндө сүйлөп жатып, Халаб кыргынында АКШнын ролу жоктугуна ишара кылып, шаарды кайра курууга салым кошпостугун билдирген эле. Акыйкатта болсо, Асад да, Россия да АКШнын уруксаты болмоюнча Сирияда бир кадам баса албастыгын жана бардык кыргындар АКШнын долбоору боюнча ишке ашырылгандыгын бир аз акылы бар адам жакшы билет.
Америка Россия менен келишим түзүп, Сириядагы бардык иштерди аны менен келишкен абалда ишке ашырууда. Халабды урандыга айлантуу да АКШ долбоорунун бир бөлүгү. Россия болсо, Американын колундагы бир союл гана. Америка бул союлду Сириядагы мусулмандарга илманийликти тан алдыруу жана аларды саясий чечимге ыраазы кылуу үчүн т.а. мусулмандарды шарияттан баш тартып, динсиздик менен башкарыла турган өткөөл мезгилге ыраазы кылуу үчүн ишке салууда.