Түркия калкынын көпчүлүгү террордун артында АКШ жана Батыш мамлекеттери турганына ишенет

282
0

Түркия калкынын көпчүлүгү террордун артында АКШ жана Батыш мамлекеттери турганына ишенет

Акыркы кездерде Түркияда ишке ашырылган террордук чабуулдар АКШга карата каралоону күчөтүп, Инжирлик авиа базасы тууралуу талкууларга себеп болду. “A&G” изилдөө борбору 42 аймакта жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасына ылайык, сурамжылоого катышкандардын 76%ы террордук операциялардын артында тышкы күчтөр, айрыкча Америка турат деп билишет.

Хурриет гезитинин кабарчысы Абдулкадир Селви, президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан министрлер кеӊешинин 2017-жылдагы биринчи жыйынында кээ бир министрлер “АКШ үчүн Инжирлик авиа базасын жабышыбыз керек” деген сунуш менен чыккандыгы тууралуу жазды. Селвинин маалыматына таянсак, ал министрлер Инжирлик авиа базасы АКШга берилгенден кийин террордук окуялар башталгандыгына ишенишет.

“Бул маселе министрлер кеңешинде талкууга коюлган темалардан эмес. Ошондой болсо да, кээ бир министрлер Инжирлик авиа базасы АКШга ачылгандан кийин терроризм окуялары башталды деген ишенимде. Алар “ушундай болгон соӊ, биз да Инжирлик авиа базасын жабышыбыз керек” деген пикирди билдирип жатышат”, – деп жазды Селви.

Бирок, Нью-Йоркто туруп билдирүү берген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу учурда Инжирлик авиа базасын жабуу жөнүндө эч кандай маселе көтөрүлбөй жаткандыгын билдирди. Бирок, АКШ Түркиянын маанилүү союздашы экендигине басым жасаган Чавушоглу, эгерде Америка ИШИМге каршы жетиштүү жардам бербесе бул абал коомчулуктун нааразылыгына себеп боло тургандыгын баса белгиледи.

“Инжирлик авиа базасын жабуу күн тартибине коюлбаган. А бирок, коалиция ИШИМге каршы күрөштө авиация аркылуу жардам бербесе, анын бул жерде турушунун эч кандай мааниси калбайт. Мындай абалда элибиз да: “Эмне үчүн аларга Инжирлик авиа базасынан орун берип жатасыӊар? Биз шейиттерди берип жатабыз, силер эмнеге колдобой жатасыӊар, жардам бербесеӊер эмнеге келдиӊер?”, – деп айтышы табигый. Бул өтө орундуу суроо”, – деди Чавушоглу.

Түркия-АКШ алакасында маанилүү орунду ээлеген Инжирлик авиа базасында учурда 2500дөй АКШ аскери бар. Аскерлердин үй-бүлөсүн да эсепке алганда Инжирлик авиа базасында миӊдеген адамдар жашайт. Андан тышкары, ал жерде АКШ ресторандары, америкалык товарлар сатылуучу ири супермаркеттер, баскетбол жана бейсбол майдандары бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here