Алеппо дүйнөнү кайра куруш үчүн кулады

272
0

Алеппо дүйнөнү кайра куруш үчүн кулады

Алеппо көптөгөн карөзгөйлөрдүн жаман жүзүн ачып койду.

  1. Бириккен Улуттар Уюму АКШ куралынан башка нерсе эмес экени даана көрүндү. Ал Алепподо кыргынды токтотууга эч бир олуттуу киришкен жок. Ал тургай, Европа өлкөлөрү – АКШ жана Россия тил бириктирүүлөрүнө каршы – өз кызыкчылыктары жолунда согушту токтотууну катуу талаб кылышканда да, ООН АКШ саясатына ылайык, анын токтотулбашын камсыздап берди. Бул аркылуу, биринчиден, АКШнын Шам козголоңун муунтуу саясатына кызмат кылды. Экинчиден, “крокодил жашын” төгүү менен, дүйнө кыжырдануусун Россияга каратып, Россия беделине доо кетирди. Айрыкча, ГенАссамблеяда согушту токтотуу боюнча резолюция кабыл алынганда бул даана көрүндү. Анда Россияга абдан катуу чабуул жасалып, аталган резолюция кабыл алынды. Бирок, бул резолюция “эшектин тушоосун чечпейт” эле. Анткени, ал сунуш иретинде болуп, анын аткарылышы эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес болчу.
  2. АКШ да калп эле Сирия козголоңун колдомуш этип, а акыйкатта аны жоготууга жан үрөп келди. Муну менен, мындай козголоңдор империалисттер тарабынан ырайымсыз жок кылынарын бүткүл дүйнөгө сабак кылып көрсөтмөкчү болууда. Эгер согушту токтотуу боюнча Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына Россия жана Кытай вето койбогондо, эптеп бир шылтоо менен ага АКШнын өзү вето койгон болор эле. Ошентип, АКШ дүйнөлүк 1-мамлекет катары, тараптардын бардыгына өз өкүмүн өткөрүп жатат. АКШ Алепподо айрым бир максаддарына жеткендей болду. Биринчиден, Алеппонун кулашын кетип бараткан бийлигинин бир ийгилиги катары көрсөтүп, келе жаткан бийлигине “мына сүйлөшүү столун даярдап койдук” дегендей болду. Экинчиден, Россиянын “колу менен чок кармап”, Алеппону шаар чалдыбарына айландырды.
  3. Россия Сирияга “терроризмге каршы күрөш” шылтоосу менен барды, бирок ал жерде эч кимди ылгабастан кырды. “Аюу” Шамга өз саясаты менен кирип барган жок, АКШ азгырыгына алданып кирди. Муну менен, дүйнөлүк держава деген макамын кармап калам деп ойлоду жана АКШнын ага каршы каратылган саясаты жумшарат го деп үмүттөндү. Ушул кыялдары үчүн Сирияны “машыгуу майданына” айландырды. Россия азыр бул тузактын зыяндарын тарта баштады, келечектеги зыяндары болсо, абдан үлкөн болот, алар акыры Россиянын кулашына алып барат, инша Аллах
  4. Булардын каршысында, Шам өлкөлөрү жаатында Европа державаларынын өз кызыкчылыктары бар. АКШ-Россия келишүүлөрү ал кызыкчылыктарга кайчы келет. Андыктан, алар өз кудуреттерине жараша аракетке келишти. АКШнын парда артындагы арамза жүзүн, Россиянын жапайы жырткычтыгын дүйнөлүк коомчулук астында ашкерелөөгө киришти. Европа өлкөлөрүндөгү Россия элчиканалары астында уюштурулган митингдер мына ушул саясат алкагында болду. Ооба, мамлекеттер жарандары митингге адамгерчилик сыфаттарынан келип чыгып чогулушту. Бирок, алардын мындай сезимдерин мамлекет бийлигиндеги империалисттер өз саясаттарына колдонушту.
  5. Ушундайча ар бир держава Алепподон өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып калууга умтулушту. Ал эми, Саудия, Түркия, Иран сыяктуу мусулмандар мамлекеттерине келсек, аларда кайдагы кызыкчылык. Булардын АКШга малай акимдери АКШ дайындап берген ролдорду гана чеберчилик менен ойноп беришти. Жана дагы деле ойноп жатышат. Бул Түркия мисалында даана көрүнөт. Туркия бийлиги чындап Алеппого күйгөндө барбы, чейрек чакырым аралыктагы бул шаарды коргоо үчүн аскерлерин алып кирмек. Күрддөргө караткан куралдарын жырткыч Асад менен Россиянын аскерлерине каршы кеземек. Бирок, ал тескерисинче, АКШ планы боюнча, Шам каармандарын алсыратуучу иш-чараларды кылып, Алеппонун кулашына салым кошту. Эми болсо, жардам көрсөтүмүш этип, мунафыктыгын улантууда.
  6. Мусулман өлкөлөрүндөгү Алеппого кайгыруу митингдерине келсек, алар мусулмандардын исламий туйгуларынан келип чыкты. Аларды малай акимдер уюштурган жок, алар табийгый түрдө чыкты. Бул мусулмандар Алеппого карата талаб кылынган иш-амалдарды кыла алышпаганына өкүнүп, тообо кылып чыгышты. Алар “кечир бизди, Алеппо” деп чыгышты. Бул дегени, “Аллахым, бизден талаб кылынган ишти кылбаганыбыз үчүн, бизди кечире көр” дегени эле. Анткени, ар бир муминден мусулман катары Алепподогу кыргынды ачык каралоо; мусулман жамааты катары дүйнөгө кайрылуу жасоо, армияларга Алеппону куткаруу үчун кайрылуу жасоо сыяктуу иштерди кылуулары важиб эле. Ал эми малай акимдерге келсек, алар тообо кылууну ойлонуп да коюшкан жок. Негизи, аларга Алеппо үчүн армияларын жөнөтүү важиб эле.

Алеппо мына ушундайча кулады.

Ооба, Алеппо кулады, бирок ал, бүткүл дүйнө калкын империалисттерге каршы ойготуу үчүн кулады

Ооба, Алеппо кулады, бирок ал, бүткүл дүйнө мусулмандарын бириктирүү үчүн кулады.

Ооба, Алеппо кулады, бирок ал, тизе бүкпөй, тик турган бойдон кулады.

Ооба, Алеппо кулады, бирок анын каармандары, АКШ баш болгон империалисттерди жеңилген “жеңишке” мажбур кылышты. Азыр дүйнө Алеппо кармаандары алдында империалисттер уттуруп коюшканын тан алууда.

Ооба, Алеппо кулады, бирок анын каармандары эки жеңиштин афзелин ыхтыяр кылышты. “Бул дүйнөдө шейиттик, ахиретте бейиштик” деген жеңишти тандашты.

Ооба, Алеппо кулады, бирок анын каармандары өздөрүнөн талап кылынган иштерди кылып, шейит кетишти. Бизден талап кылынган иштер кылынбагандыгы үчүн, бизди Аллахка тапшырып кетишти…

Фатих Ясин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here