Президент Атамбаев Индияга учуп кетти
Президент Алмазбек Атамбаев 18-декабрь күнү мамлекеттик визит менен Индияга учуп кетти. Иш сапарынын алкагында Атамбаев Индия президенти Пранаб Кумар Мукержи, вице-президент Мухаммад Хамид Ансари, премьер-министр Нарендра Моди менен жолугушат жана кыргыз-индия бизнес форумуна катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мындан тышкары, Атамбаевдин сапары алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.
Индиядан кайтып келгенден кийин Алмазбек Атамбаев Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү ЖККУнун бейформал саммитине катышат.
О.э. Атамбаевдин январь айынын башында Кытайга сапар кылышы да белгиленген.