Ягмур: Силер бул тамакты өлүктөргө жедиресиӊерби?

335
0

Ягмур: Силер бул тамакты өлүктөргө жедиресиӊерби?

Түркия Диний иштер министрлиги тарабынан жарыя кылынган “Халабда адамгерчилик өлбөсүн” деген аталыштагы кампания түрдүү чакырыктар менен уланууда. Бул кампаниянын алкагында Халаб калкы үчүн түрк элинен топтолгон каражат, кийилбеген кийимдер жана азык-түлүктөр Халабга жөнөтүлүп  жаткандыгы телеканалдар аркылуу тынымсыз көрсөтүлүп жатат. О.э. Түркия бийлиги оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан Сирия калкына боордоштук жардам катары өзүнүн аймагында лагер куруп беришин да жарыя кылды.

Бирок, Түркия бийлигинин кыргынга учурап жаткан Халаб калкы үчүн кылып жаткан мындай иштери көпчүлүк мусулмандарды канааттандырбай жатат. Стамбул, Анкара, Бурса, Коня жана Хатай региондорунда Хизб ут-Тахрир башчылыгындагы калк демонстрацияга чыгып, Халабды куткаруу үчүн Түркия армиясын аракетке келтирүүнү талап кылышууда.

Өзүн Нурулла деп тааныштырган Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү болгон бир жигит, бийликтин бул иштерине канааттанбагандардын бири. Ал бийликтин бул иштерин “мусулмандарды Халабдын негизги маселесинен чалгытуу” деп баалайт.

“Боордошторубузга ар кандай жардам берсек арзыйт. А бирок, жардамга умтулуп жаткан адамдардын аӊ-сезимин экинчи даражалуу жардамдар менен негизги маселеден буруп жиберүү жакшы иш эмес. Мисалы, Израиль өрттөнүп жатканда Түркиядан жардам сурады. Ошондо Түркия өрт өчүрүүчү самолёттордун ордуна кийим-кече жана азык-түлүк жөнөтпөдү го. Бүгүн да Халаб бизден армия сурап жатат. Биз болсо эртели-кеч өлүмгө дуушар болуп жаткан Халаб калкын куткаруу үчүн аскерлерди жөнөтүүнүн ордуна азык-түлүк жана кийим-кече жөнөтүп жатабыз. Өлсөӊөр да, мына ушул кийимди кийип өлгүлө, кордолсоӊор да мына ушул тамакты жеп туруп, кордолгула деп жатабызбы?!” – деди Нурулла

Белгилүү саясий серепчи Ханафи Ягмур да мазлумдарга берилген ар кандай жардам жакшы иш экендигин айтып, бирок, Халаб калкын куткара турган чыныгы жардам Түркия кошуунун аттандыруу экендигин баса белгиледи. Ягмурдун айтымында, Түркия бийлиги буга кудуреттүү. Ал тургай, Халаб маселесин аскерий кубаттын бир бөлүгү менен бир күндө чечип койсо болот.

“Халабда мусулмандар кыргын кылынып жатканы эч кимге сыр эмес. Бул зулумду жогото ала турган күч Түркиянын армиясында да, калкында да ашыгы менен бар. Туура, мусулмандар каражат, азык-түлүк, кийим кече менен жардам бериши мүмкүн. А бирок, учурда Сириядагы мусулмандар Түркиядан акча, кийим-кече жана тамак-аштан мурда жер-асмандан болуп жаткан чабуулдарды жана кыргындарды токтотууну күтүүдө. Т.а. бүгүнкү күндө Диний иштер министрлиги Халабга жардам берүү кампаниясын баштады. Бул өтө жакшы иш. А бирок, Халабда жаш-кары, эркек-аял дебестен, бардык адамдар үстүнөн Россия жана режим бомба жаадырып жаткан соӊ, алардын тамак жеши же жебестигинин кандай мааниси бар?! Силер бул тамакты өлүктөргө жедиресиӊерби? Кийимдерди өлүктөргө кийгизесиӊерби? Албетте, Аллах үчүн берилүүчү ар бир жардамдын сообу бар болсо да, бирок, бул нерсе алардын дартына дабаа боло турган чечим эмес”, – деди Ханафи Ягмур.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here