АКШ: Түркия болбосо Сирияда ийгиликке жетише албайбыз

362
0

АКШ: Түркия болбосо Сирияда ийгиликке жетише албайбыз

АКШ Борбордук күчтөрүнүн командачысы генерал Жозеф Вотел, эгерде Түркиянын күнүмдүк колдоосу болбосо, АКШ Сириядагы көптөгөн опреацияларын ишке ашыра албастыгын билдирди. Вотел бул тууралуу борбору Вашингтондо жайгашкан консервативдик түшүнүк уюмунун тышкы саясат демилгесинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга баа берген Вотел: “Түркиядан болуп жаткан күнүмдүк колдоо болбосо, Сириядагы көптөгөн операцияларыбызды ишке ашыра алмак эмеспиз”, – деди.

Түркия жана регион мамлекеттеринин тынчсызданууларын АКШ эсепке алышы керектигин баса белгилеген Вотел: “Региондогу башка мамлекеттер сыяктуу эле Түркиянын да кызыкчылыктары жана тынчсыздануулары бар. О.э. менимче, бул АКШ үчүн маанилүү. Биз мындан кабардар болушубуз керек”, – деп кошумчалады.

Учурда АКШнын көрсөтмөсү менен Халабды бомбалап жаткан Россиянын дипломаттары – Түркия ортомчулугунда – Сирия улуттук коалициясынын өкүлдөрү менен жашыруун жолугушкандыгы тастыкталды. Бул жашыруун жолугушуу тууралуу Британиянын “Финаншл Таймс” гезити кабарлаган болчу.

“РИА Новости” маалымат агенттигине интервью берген Сирия улуттук коалициясынын жооптуусу Самир Нашар, бул жолугушуу Түркиянын иш-аракеттери менен өтө этиятчыл көрүнүштө үч күнгө созулгандыгын билдирди. Нашардын билдиришинче, жолугушууга Түркиядан таасирдүү топтор катышкан. Жолугушууда өкүл катары кимдер катышкандыгы тууралуу маалымат бербеген Нашардын айтымында, тараптар Халабда БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистуранын сунушуна ылайык чечимге жетишүү үчүн план иштеп чыгууга аракет кылышкан.

“Бирок (сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында) бир да келишим түзүлбөдү. Себеби, Халабда курчоодо болгон күчтөр аягына чейин согушууга жана эч кайда чыгып кетпестикке токтом кылышты”, – деди Нашар.

РФнын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Түркия катышуусунда Сирия оппозициясы менен сүйлөшүүлөр өткөрүлгөндүгүн тастыктады. Лавров белгилүү себептерден улам сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат бериши мүмкүн эместигин айтып, жолугушуу демилгеси профессионалдык көрүнүштө ишке ашырылгандыгын жана ушундай көрүнүштө улана тургандыгын баса белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here