БУУнун Коопсуздук Кеӊешиндеги Халаб боюнча резолюцияга Россия менен Кытай вето койду

304
0

БУУнун Коопсуздук Кеӊешиндеги Халаб боюнча резолюцияга Россия менен Кытай вето койду

 Россия менен Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сириянын Халаб шаарында убактылуу келишимди көздөгөн резолюция долбооруна вето коюшту.

 Документке Венесуэла да каршы чыгып, Коопсуздук Кеӊешинин 11 мүчөсү жактап добуш берди. Алардын арасында АКШ, Улуу Британия жана Франция бар. Ангола болсо бейтарап калган.

 Резолюция долбоору аскердик аракеттин катышуучулары “адамдардын өлүмүнө же жараат алышына алып барышы же коомдук объекттерге зыян жеткирүү ыктымалы болгон бардык чабуулдарды тездик менен токтотуусун” камтыйт.

 О.э. БУУнун Коопсуздук Кеӊешинин тизмесине киргизилген террордук топтор Халабдын чыгыш бөлүгүн таштап кетүүгө мажбур экендиги да белгилеп коюлган. Документте аскерий аракеттерде 48 сааттык танапис киргизилиши да сунушталды.

 Добуш берүү жараянынан мурда Россиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин Жаңы Зеландия, Испания жана Мисир тарабынан сунушталган резолюция долбооруна вето коюшун билдирген.

 Мындан бир аз мурда, россиялык саясатчы документти көрүп чыгууну россиялык жана америкалык адистердин жолугушуусуна чейин калтырууну сунуштаган. Анын билдиришинче, РФ тышкы иштер министри Сергей Лавровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Римдеги жолугушуусунда Чыгыш Халаб боюнча планды иштеп чыгууга келишип алынган.

Туркистон: 

Бул да эл аралык саясаттагы кезектеги саясий айла-амалдын бири. АКШ БУУну Сирия проблемасында эмненидир кылууга аракет кылып жаткандай, бирок вето укугуна ээ болгон бир нече залим мамлекеттер өздөрүнүн акы-укуктарынан пайдаланышып, анын колдорун байлап урушкандай кылып көрсөтмөкчү. АКШда 11-сентябрь окуясы жүз берип, миӊдеген адам өлгөндө, аны Афганистан жана Иракка каршы согуш баштоодон эч кандай вето ткоктотуп кала албаган. Шамда бейкүнөө өлүп жаткан адамдардын саны миллионго жакындап барууда!  БУУ бечара Сириядагы мусулмандарга жөнөткөн азык-түлүк кербенин да орустардын авиациясы бомбалап жок кылып жиберген имиш.

Сириядагы мусулмандарга каршы жүрүп жаткан согуш Асад армиясы, Россия, шиялар же Иран жүргүзүп жаткан согуш эмес. Бул согуш, жогорудагы эл аралык куфр системасы Ислам дүйнөсүнө каршы жүргүзүп жаткан дүйнөлүк согуш. Дүйнө мусулмандары муну түшүнүп жетишпесин деген максатта атайылап жогорудагы сыяктуу жыйындарда саясий спектаклдерди ойлоп табышат. Алардын болгон кубаты ушул эл аралык мыйзамдарда. Т.а. бул мыйзамды дүйнө тан алып жаткандыгында. Исламий өлкөлөр моюн сунуу шаръий жактан арам болгон бул эл аралык мыйзамдарды четке кагышса, эл аралык саясат да, эл аралык система да түпкүлүгүндө жок экенине күбө болушмак!

Ооба, түпкүлүгүндө эл аралык мыйзам жок. Бул куру бир система! Белгилүү бир мамлекеттердин кызыкчылыгына иштей турган, тышкарысынан караганда коркунучтуу, бирок ичи боп-бош болгон бир куфр механизми! Анын кубаты, биздин аларга болгон ишенимибиз, моюн сунушубуз жана үмүтүбүздө! Мамлекет башчыларыбыз бул куру механизмден бизди коркутуп берүүсү менен алар тарабынан колдоого алынып келишет. Кордолуп жаткан же жөнөкөй эле таза сууга муктаж болуп жаткан боордошторубузга да өз алдыбызча жардам бере албайбыз! Дагы ошол уюмдарга кайрылып демонстрацияларды өткөрүп, алардан бирер жардам күтөбүз! Биз аларга кайрылып дагы алданып жатканыбызды да билебиз. Бирок, ошону менен өзүбүздү-өзүбүз бир аз алдаган болобуз!

Түпкүлүгүндө, биз куфрдан келип жаткан зулумда, куфрдан жеӊилдик күтүп андан жардам сурашыбыздын өзү логикага жатпастыгын түшүнүп жетишибиз керек! Тескерисинче, өзүбүз шайлаган жетекчилерден талап кылып, аларды эл аралык мыйзамды четке кагууга чакырышыбыз керек! Биз ошондо гана парда артындагы жарыктык канчалык жакын экендигине күбө болобуз! 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here