Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын жаңы президенти болуп шайланды

310
0

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын жаңы президенти болуп шайланды

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун тыянагын жарыя кылды.

Анын билдиришинче, шайлоого 87,3% т.а.17 951 667 шайлоочу катышты.

БШКнын башчысы шайлоого катышкандардын 88,6 %ы Либерал-демократтар партиясынан талапкер Шавкат Мирзиёевге добуш беришкендигин жарыя кылды. Т.а. Шавкат Мирзиёевге 15 906 724 адам добуш берген. Эми Шавкат Мирзиёев алдыдагы 5 жылда Өзбекстандын президенти болуп эсептелет.

 ӨзбекстанЭлдик демократиялык партиясынын өкүлү Хатамжон Кетманов 3,73% (669 187) добуш алса, ал эми социал демократиялык “Адолат” партиясынын өкүлү НаримонУмаров 3,46% пайыз (619 972) добуш алган.

 Өзбекстан“Миллий тикланиш”демократиялык партиясынан талапкер болгон Сарвар Отамуратов 2,35% (421 55) добуш менен төртүнчү орунга чыкты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here