Мосулду кайтарып алуу согушунун артында эмне турат?!

258
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроого жооп

 Мосулду кайтарып алуу согушунун артында эмне турат?!

 Суроо:
2016-жылдын 17-октябрында Мосулду кайтарып алуу согушу башталганы жарыя кылынды. Мындан максат эмне?
Мындан мурун Америкалык жооптуулардын Мосулду кайтарып алуу согушу бир канча жылдардан кийин башталары тууралуу билдирген билдирүүлөрүн кандай түшүнсөк болот? ИГИЛдин кн Мосулдан чыгарылгандан кийин бүтөбү? Эмне учүн Ирак өкмөтү менен Түркия ортосунда кайым айтышуулар болуп жатат? Эмне үчүн Түркия Ирактагы согушка катышууга бекем туруп алды?
Жооб:
1. Жүрүп жаткан окуяларга көз салып караган адам, учурдагы иштер Иракты: Күрдистан, сунний, шиа кылып бөлүп салуу саясатын толуктоочу иш-чаралар экенин көрөт. Күрдистан аймагынын пайда болушу буга жаркын мисал. Америка бул саясатын бүгүн эле, же Иракты басып алганда эле баштай калган жок. Балким, Иракты басып алуудан мурда 1991-жылы Ирак түндүгүндө аба мейкиндигинде учууга тыйуу салгандан тартып баштаган. Ошондо мамлекет көрүнүшүндө Күрдистан аймагын пайда кылган эле! 2003-жылы Америка Иракты басып алганда, Ирак губернатору Бремер койгон система тайпачылык, мазхабчылык негизинде койулган. Бремер 2003-жылы июлда Ирак өкмөтүнүн межлиси аталышындагы кеңеш түздү. Август айында 25 мүчөдөн турган конституциялык комитет түздү. Конституциялык комитет баш мыйзамды “федерация“га ылайыктап түзүп чыгышты. Кийин январ айында бул баш мыйзамга добуш берүү болду. 2005-жылы бул конситутциялык жараянга мыйзамдуу түс бериш үчүн убактылуу башкаруу мыйзамын киргизишти. Күчтөп добуш бердирүүлөргө карабастан, тургундардын 58% пайызы гана добуш берүүгө катышты. Бул баш мыйзамдагы беренелерден:
2005-жылы кабыл алынган Ирак баш мыйзамынын биринчи беренесинде: “Ирак федеративдик мамлекет”, 116-беренесинде: “Ирак федеративдик республикасынын түзүмү борбордук жана федералдык аймактардан, провинциялардан жана шаарлардан түзүлөт”. 117-берененин биринчи пунктунда: “бул баш мыйзам күчүнө киргенден тартып Күрдистан аймагын жана анын бийлигин федералдык аймак деп тааныйт” деп белгиленген. Эгер бул аймактын ыйгарым укуктарына назар салынса, Иракты жакынкы күндөрү бөлүп салуу ишке ашарын аңдап жетебиз. Айрыкча, 119-беренеде “башка аймактар да пайда болуу мүмкүнчүлүгү бар” деп келет… Мына ушундайча Америка Ирактын ушул баш мыйзамы аркылуу аны бөлүп салуу үрөөнүн сепкен.

  1. Америка Иракты бөлө турган баш мыйзамды кабыл алдырууда ийгиликти сезди. Өз малайларын мүмкүн болушунча массалык пикир жаратууга милдетендирди. Бирок, алар ийгликке жетише албады. Аймактарды сунний-шиа деп бөлүшүнө карабастан, ал аймактарда чыныгы бөлүнү жок. Шиа-сунний кылып атама берилиши бул аймактар үчүн жат көрүнүш болду. Америка бөлүнү абалын жаратууда Маликийге сүйөндү. Ал Исламга жана мусулмандарга каршы ашынган душмандыгы бар адам эле. Аны 2006-жылы 20-майда өкмөт башчы кылды. Анын негизги максаты – шиалар менен суннийлер ортосунда күчтүү душмандыкты пайда кылуу болчу! Маликий бир мазхабга артыкчылык берип, башкаларын өгөйлөй баштады. Анын натыйжасында, абал аймак-аймактарга бөлүнүүгө шартташа баштады. Ал бул ишти аткарууда ийгиликке жетишти. Маликий суннийлер менен күрддөр ортосунда душмандыкты пайда кылды. Мына ошондон кийин, аймак-аймактарга бөлүнүү көпчүлүк адамардын талабына айланды. Мына ушундай аймак-аймактарга бөлүп жиберүү Американын Маликийди өкмөт башына алып келгендеги биринчи талабы болчу. Мына ошондуктан, аны дагы бир мөөнөткө 2014жылы 18-сентябрда өкмөт башчылыгында калтырды. Анын бийликтеги мезгили тарыхта кара тамгалар менен жазылып калды. 2011-жылы Америка аскерий көрүнүштө Ирактан чыгып кеткенине карабастан, анын коопсуздук жана саясий чөйрөсү Иракта кала берди жана ал жерде фитна бышып жетилди. Маликийдин иши түшүм бере баштады. Текебердик жана зулум кылуу Американын негизги сыпаттарынан. Ал фитна өчүп баратканда аны кайра козгоп, жаңылап турду. Куралдуу шиа кыймылын пайда кылуу үчүн мазхабчылык чыңалуусун кайра-кайра курчутту.

Америка Маликий аркылуу суннийлерди өгөйлөп, ар бир ыңгайлуу учур келгенде жек көрүүчүлүк, зулум, митаамдык аркылуу мусулмандар ортосунда жарака пайда кылды… Адамдар зулумду токтотууну талап кылышса, аны көңүл сыртында калтырды. Тактап айтканда, суннийлерге кылынган зулумдарга көз жумду. 2012-жылы суннийлер зулумду токтотууну, айрыкча, түрмдөгү аялдарды бошотуу жана түндөлөрү баш аламандык кылууну токтотуу талаптары менен тынч жүрүштөрдү кылышты. Алар бийликти кулатуу талаптары менен чыгышкан жок. Бирок Маликий өкмөтү “террористтерге кызмат кыла турган талаптар” деп, ал талаптарды четке какты. Суннийлер федералдык аймак болуп бөлүнүүнү талап кылууларына түртүү үчүн, тынч жүрүштөрдү күч менен бастыра баштады. Муну Маликий өз ыктыяры менен кылган жок, балким, Американын ыраазылыгы жана көрсөтмөсү менен кылды. Ушул эле учурда, кээ бир шиа кыймылдары түштүк тараптан өзүнчө бир шиа аймагы болуп бөлүнүүнү талап кыла башташты. Шиалардын мындай аракети Анбар аймагында шиалардын бул аракетине каршы тынчтык жүрүштөрү болгонго чейин уланды. Иш ушуга эле чектелип калбады, кошуна мамлекеттер да мазхабчылык маселелерин козгоодо бири-бири менен жарышты. Ушунун баары – Иракты бир бүтүн мамлекет кылбай, аны бөлүп жиберүү, элдерди бири-бирине кырдыруу жана ар бир тарап өздөрүнчө аймактарга бөлүнүүнү күнү-түнү талап кылуулары үчүн – Америка тарабынан кылынган саясаттын негизинде болду!

  1. Ушул алкак негизинде, ИГИЛ Мосулду өзүнүн кадам койо турган жери кылып алмакчы болду. Америка ИГИЛди Мосулга киргизсе, суннийлер менен шиалар ортосунда жарака дагы тереңдеп, Американын шиа менен сунийлерди бөлүү максатына кызмат кылат деп ойлоду. Маликий Мосулга куралдарды калтырып, армиясын чыгарып кете баштады жана банктагы акчаларды да калтырды. Иш мына ушундай болду… 2014-жылы июнь айында Мосулду ИГИЛ басып алганын жарыя кылды… Ирак армиясы согушпастан, Мосулду ИГИЛге белек катары берип койду деген маалыматтар байма-бай чыкты. Ирак офицерлери, коопсуздук кызматкерлери, аскерлери саны жагынан да, курал-жарак жагынан да үстөмдүк кылганына карабастан, куралдарын, кийимдерин, банктагы акчаларды таштай качышты. Көпчүлүк эл мындан күмөндөнө баштады, бул жерде бир максат үчүн тил бириктирүү болуп, Мосулду белеке берип койушту деген күмөн саноолор күчөдү. Бул шек-күмөн ушунчалык деңгээлде күчтүү болду дейсиң, Маликий аны тан алып, фейсбуктагы баракчасына “Мосул тил бириктирүүгө тушукту” деп жазды. Ал өзү бул ишке аралашкан болсо да, бирок аны өзүнөн алыс кылууга аракет кылды. Негизи, ал ошол кезде өкмөт башчы жана аскерлердин башкы командачысы болчу, ал түздөн-түз бул ишке жооптуу адам эле! Мосулдагыдай эле окуя Рамадиде да кайталанды. Ал жерден да армияны алып чыгып кетти. Рамади окуясы каршылыксыз алынган алтын тайпа аталып калды. Бул окуялар боюнча Маликийди жана жетекчилерди тергеп-тескөө талап кылына баштады. Бирок, окуялар жаап-жашырылып, пардалар тартылды… Анткени аскерлерди алып чыгып кетүүгө Маликийдин колу малынып калган эле. Америка ошол үчүн бул теманы унутта калтыруу аракетин көрдү. Аскерлерди алып чыгып кетүү ИГИЛдин Мосулга кирүүсүн жеңилдетмек о.э. ИГИЛ сунний болгондуктан жана шиа куралдуу кыймылдары бар болгондуктан, Америка каалагандай, шиа-сунний согуштары келип чыкмак жана анын натыйжасында Ирактын федерацияларга бөлүнүүсү жеңилдемек… Ошол үчүн ИГИЛдин Мосулга кириши учун армияны алып чыгып кетүүнү буюрду. Бул эле эмес, ИГИЛ Мосулга кирип жатканда, Америка аны бомбалоону четке какты. 2014-жылы 13-июнда Обама “Ирак жетекчилери тарабынан саясий план сунушталбагандыгы себебтүү, Вашингтон аскерий амалияттарга катышпайт” деп билдирүү берди. Бирок буга чейин эле Америка менен Ирак ортосунда коопсуздук жаатында келишимдер бар болчу. Ошондой эле, Ирак өкмөтү Мосул окуясы башталгандан тартып эле жардам талап кыла баштаган. Ирак коргоо министри Зебари Жидда шаарында 2014-жылы 18-июнда “Багдад Вашингтондон жоочуларга каршы абадан сокку урууну талап кылды” – деди. Муну Американын штаб жетекчилеринин бири генерал Демпси Конгресс отурумунда тастыктады. Америка согушка аралашууну атайын кечеңдетти. Анткени, Америка планы: абалды чыңалтып, шиа-суннийлер ортосунда айыгышкан каршылыкты пайда кылуу аркылуу, Күрдистан сыяктуу, шиа жана сунний кылып Иракты федерацияга бөлүп жибере турган абал жаратуу болчу. Андан кийин, анан ИГИЛди Мосулдан айдап чыгуу каралган…
    Аң-сезимдүү саясатчылар муну аңдай алышат. Бул жерде 2015 12 06 “Ирак бүгүн” сайты чыгарган бир кабарды эске сала кетебиз. Дипломатиялык булак: жогорку деңгээлдеги дипломатка Американын ИГИЛди бир жаңсыл кылууга байланыштуу шарты тууралуу кабар сызып кирген. Анда мындай деп келген “ИГИЛди бир жаңсыл кылып, Иракты андан тазалоо жана Багдаддагы экинчи даражалуу бийликтерди жок кылуу, айрыкча Иран көрсөтмөлөрү менен иштеген жикчилдердин тагдырын чечүүдөгү бирден бир шарт – Багдадга баш ийген үч федеративдик аймактын түптөлүшү”. Ушул эле булак: “Вашингтон Ирактагы жаңы федерация бийлигин Коопсуздук Кеңешинин колдоп-кубаттоосу менен коргоого алууга убада берет”.

Мына ушундайча Америка Маликийдин мазхабпарастыгы менен жана суннийлерди жек көрүп аны өгөйлөшү аркылуу сунний-шиа ортосунда айыгышкан душмандык пайда кылды. Анын максаты: мунун артынан Иракты борбор менен алсыз байланышкан федеративдик аймактарга бөлүп талкалоо болду. Андыктан, бөлүп жиберүүнү жеңилдетүү үчүн ИГИЛди пайдаланып, анын Мосулга киришин жеңилдети. Ошондой эле, Халифатты жаман көргөзүш үчүн да ИГИЛди пайдаланды. ИГИЛ Мосулга кириши менен карапайым калкты кыргын-сүргүн кылды, Америка ИГИЛдин бул аракетин Халифатка байламакчы болду. Бирок, Аллах алардын ишин оңунан чыгарган жок. Элдер Багдадийдин халифаты жалган экенине көздөрү жетти. Аллах тикелөөнү буюрган Пайгамбар с.а.в башарат кылган чыныгы Халифалыктын кайтып келиши анык акыйкат экенин билишти. Адамдар ага тынчтык-амандык үчүн көчүп барышат. Ал Халифалык өз элине эле жакшылык нурун чачпастан, бүткүл ааламга чачат.

  1. Ал эми Түркиянын Ирактын түндүгүнө жүрүшүнүн максатына келсек, Түркия суннийлерге “дем берүү” иши менен, ошондой эле, Иран да шиаларга “дем берүү”иши менен – булар Ирактын тезирээк бөлүнүшүнө салым кошушууда! Түркиянын Иракка кириши сунний-шиа ортосундагы жараканы дагы тереңдетиши үчүн, ал өзүн суннийлерди коргоочудай кылып көргөзүп жатат. Ошол эле учурда, Иран да өзүн шиаларды коргоочудай кылып көргөзүүдө. Ушунун баары бир максат үчүн болууда, ал максат – Иракты аймактарга бөлүп жиберүүнү жеңилдетүү.
    Ал эми Түркиянын бул согушка катышууга катуу туруп алышы, Эрдоган менен Абадийдин бул тема боюнча кайым айтышуулары жана Эрдогандын Ирак өкмөтүнүн Түрк куралдуу күчтөрүн Мосулдун түндүк чыгышынан Ba’shiqah лагеринен чыгарып кетүү талбын четке кагуусу – бул иштер Эрдогандын да, Ирак өкмөтүнүн да колунда эмес, балким ал Америка саясатына ылайык кылынып жаткан иштер. Эрдоган Абадий менен кайым айтышып, өзүн сунийлери коргоочудай кылып көргөзүүдө жана анын артынан Американын “федерация” долбоору ишке ашышына шыкак берип койууда. Ошондой эле, Абадий дагы Ирак жеринде жайнап жүргөн башка толгон-токой мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн эмес, бир гана Түрк куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүсүн талап кылып, шиаларга жакшы көрүнүүдө. Бул эки иш тең суннийлер менен шиалар ортосундагы жараканы дагы тереңдетип, Американын Иракты бөлүп жиберүү максатын ишке ашыруу үчүн кылынууда. Түркия менен Ирак өмөтүнүн ортосундагы кайым айтышуунун улануусу же токтоосунун айырмасы жок, булар бир гана Америка планын ишке ашыруу үчүн болгон иштер. Ирак өкмөтү азыр эле Түркия күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылып калган жок. Өткөн жылдын аягында да талап кылган. Бул маселе боюнча Араб Лигасы жыйынга чогулган жана Ирак өкмөтүнүн бул демилгесин колдоого алып, Түркия күчтөрүн чыгырып кетүүгө токтом кабыл алыш үчүн бул маселени Коопсуздук Кеңешине чейин көтөргөн. Бирок бул жел аргы сымал, эч кандай күчкө ээ болбостон, токтоп калган. Мына ушундайча Түркия күчтөрүнүн Иракта калышы Американын “федерация” максатын ишке ашыруу үчүн гана. Бул иш жашыруун деле эмес. Эрдоган түндүк аймагы сыяктуу Мосулду да өзүнчө аймак кылуу талабын билдирген. Күрдистандын өзүнчө аймак болушуна макул болуп, ал эми Мосулдун өзүнчө аймак болушуна каршы чыгып жаткандарды Эрдоган айыптаган эле. Эрдоган Мосулга байланыштуу Beştepe ге берген маегинде: “алар, Ирактын түндүгүндө өзүнчө аймак болушуна “макул” деп добуш бергендер, ошондой эле маселе болгон Мосулдун өзүнчө аймак болушуна “макул” деп добуш бербегендер” деген.
  2. Ал эми Мосулга болгон чабуул азыр башталганына жана Американын мурда берген билдирүүлөрүнө тескери иш кылуусуна келсек, ал төмөндөгүндөй:
    Америка ИГИЛди Мосулдан чыгарып, аны менен согуша турган убакыт келе элек деп билген. Обама бул ишти өзүнүн мөөнөтүндө бүткөрүүгө шашкан эмес. Балким кээ бир Америкалык жооптуулар бул иш көптөгөн жылдарды талап кылат деп билдирүү беришкен. Бирок кээ бир иштер болуп кетип, Обама бул ишти аягына чыгарууга шашты. Обама өзүнүн мөөнөтүн жаман абалда эмес, кийин эсте кала тургандай бир ийгилик менен аякташына ынтызар болду. Ал бул ийгиликти Сирияда Ирандын жикчилдеринин жардамы жана орустардын үстөккө-босток бамбалоого алуусу менен кылмакчы болду. Бирок көрүнүп тургандай, Сирия элинин каармандыгы, бекемдиги Обаманын бул каалосу ишке ашышына жолтоо болду. Айрыкча, Халаб шаарынын каармандыгы. Анан ал Иракка карады. Мосулда бир ийгиликке жетем деп үмүт артты! Шашылыш түрдө Мосулду карай бет алды, артындагы Хавиджа сыяктуу буктурманы да карбастан Мосулга шашты. (The Wall Street журналы: “Ирак күчтөрү ИГИЛ көзөмөлдөп турган Киркук провинциясында жайгашкан Хавиджа сыяктуу буктурмага карабастан, Мосулду карай бет алды. Бул иш Ирактын бөлөк аймактарына ИГИЛдин сокуу берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат”. Журналдын докладында: Ирак куралдуу күчтөрүнүн жетекчилери зарыл болгон Багдад менен экинчи чоң шаар Мосулдун ортосунда жайгашкан Хавиджаны кайтарып албастан, Мосулга бет алышты. Киркуктагы шиа командирлерини бири Maitham ал-Zaidi “Хавиджа Ирактын түндүк тарабынан бычак” дагы айтты: өкмөт эл аралык мамлекетердин кысымы менен Хавиджадан мурда Мосулду кайтарып алуу согушун баштап шашылып жатат, – делет. “Аль-жазиира” 2016 10 28)

Мына ушундайча 2016жылы 17-октябрда Мосулду кайтарып алуу согушу башталды. Бул аскерий иш чарага 140 миң Ирак аскери, Пешмерга күчтөрү, улуттук жана кландык күчтөр катышууда. Американын коргоо министринин пресс катчысы Питер Кук: “Вашингтон жетектеген эл аралык коалиция күчтөрү Мосулду кайтарып алууда Ирак жана Пешмерга күчтөрүнө толук түрдө жардам берип колдоо көргөзөт”, -деди. Жана дагы мындай деди: “Мосулду кайтарып алуу согушунда Америка күчтөрү арткы сызыкта болот жана Ирак, Пешмерга күчтөрүнө материалдык-техникалык жардамдарды көргөзүп турат”. (“Ройтерс” 2016 10 17). Америка сентябр айында Абадийдин талабы артынан эле Ирактагы аскерлерин 4400гө чейин көбөйтөрүн жар салган. Согуш Америкадагы шайлоо кампаниясы учурунда да, кийин да уланат. Обаманын өз мөөнөтүн ийгилик менен аякташы жана Америка тарыхындагы демократтар үчүн ийгилик менен жазылып калуусу Обама үчүн зарыл. Бирок, Мосулду кайтарып алууга болгон согуш ички чыр-чатактардын көптүгү жана Түркия-Иран күчтөрүнүн талаш-тартыштары себептүү жеңил болбойт. Бул чатактар Мосулду кайтарып алуу согушун кечеңдетет. Бирок, бул чыр-чатактарга таасир бере турган фактор бар, ал – Америка. Ошондуктан, бул чыр-чатактар согушту узакка кечеңдетпейт. Балким, Америка саясаты талап кылган чекке чейин гана…

  1. Америка Европага да роль берди, бирок өз алдынча эмес. Аларга коалициянын бир бөлүгү катары этибар берди. Айрыкча, Франция менен Британияга карата. Алар коалицияда Америка саясатынын жетекчилигинде иш алып барышат. Америка муну алар бул согуштан узакта калгандыгы себептүү Американын ( Иракты федерацияга бөлүү) максаттарына тоскоолдук жаратпашы үчүн кылды. Адаттагыдай эле, Франция ИГИЛдин Франциядагы чабуулдарын бетке кармап, өзүн көргөзүп калууга аракет жасады. Парижде 2016 10 20 “Мосул шаарынын келечектеги саясаты” аттуу конференция уюштурду. Ага жыйырмадан ашык мамлекеттердин ТИМдерин жана жарандарды коргоо уюмдарын чакырды. Акыркы конференцияга 2016-жылы 25-октябрда ИГИЛге каршы коалициядагы мамлекеттердин коргоо министирлерин чакырды. Бул жоолугушуунун артынан эле Америка коргоо министири Эштон Картер Америка коалицияны жетектээрине этибар каратып, мындай деди: “Талкуулар ИГИЛдин Ракка шаарын көзөмөлдөөсүн биротоло бүтүрүү алкагында болду. Коалициянын планды кандайча тез арада ишке ашырышы жана каолицияга кирген өлкөлөрдү ИГИЛдин чабуулдарынан кантип коргоо керектиги толук чечилди”. (аль-Жазиира 1016 10 26) Бул билдирүүдөгү “коалицияга кирген өлкөлөрдү ИГИЛдин чабуулунан коргоо” дегени – Америка каолицияны жетектейт дегенге толук ишара.
    7. Ал эми ИГИЛ Мосулдан куулушу менен анын күнү бүтөбү дегенге келсек, мындай болушу күтүлбөйт. ИГИЛ ит урушуна өтөт. Шаардын сыртынан, бул же тиги жерден чабуул кыла берет. Рамадиден чыгарылды, бирок анын чет жакаларында кала берди. Ошол сыяктуу эле, Мосулдан чыгарылганы менен, 2014-жылдан мурункудай жана азыркыдай эле, иш жүзүндө анын чет жакаларында жүрө берет. Шаардын чет жакаларында, айылдарда, тоолуу аймактарда жана түздүктөрдө куралдуу чабуулдарды уюштура берет. ИГИЛде саясий аң-сезим болбогондуктан, өзүнө ылайык көргөн иштерди улантат берет жана колонизатор каапыр мамлекетер аны куурчак катары пайдалана берет. Эгер ал муну түшүнүп жетпесе…
    8. Ал эми Американын Иракты үч федерацияга бөлүп жиберүү планынан кайтары күтүлбөйт. Балким, ал Иракка байланыштуу мамлекетик саясат болуп калат. 2006-жылы Конгресс Иракты үч федерацияга ( күрд, сунний, шиа) бөлүү долбоорунун токтомун кабыл алган. Бирок, токтомго мамлекет башчы зарылдык катары этибар берген эмес. Буш “кырдаал бул токтомду аткарууга жооп бербейт” деп билдирүү берген. 2009-жылы Обаманын орун басары болгон сенатор Жозеф Байден бул долбоорду алга сүрдү. Байден долбоордун аткаруу иштерин бейрасмий жол менен алга сүрүп, Ирак “дело”сун Обамага берди. Америка Ирак долбоорун ушул негизде түздү. Учурдагы жана келечектеги иш-чаралар ушул долбоорду ишке ашырууга карай бет алат. Мосулду кайтарып алуунун артынан эле, бул аймакты сунний деген этибар менен, башкаруу иштерин ушул негизде калыптандырат. Бирок бул аймак өтө кыйынчылыкты туудурат, лекин, шиа аймактары өтө кыйынчылык туудурбайт. Бирок ошого карабастан, бул долбоорду ишке ашыруу арзанга турбайт. Иракта Аллах үчүн калыс жана Расулуллоо а.с.в үчүн садык адамдар бар. Алар өз өлкөсү бөлүнүп кетишине жол бербейт. Алар улуу Аллахтын жардамы менен бул долбоордун ишке ашпашына бекем турушат.
    9. Корутундулап айтканда, эй Ирак эли, биз силерге мурда кайрылганыбыздай эле, азыр да кайрылабыз. Ислам силерди кылымдар бою бириктирип келди. Анын туусу алдында узак кылымдар күн кечирдиңер. Аны менен улуу, бийик болдуңар, аны менен жакшылыктарды бөлүштүңөр. Жамандыкка каршы анын менен бирге күрөштүңөр. Силердин жериңер баатырлардын жери. Кодисия, Бувайб, Хаарун,Муьтасим, Солахидин жана башка фатхчылардын жери. Албетте, Ирак өз эли менен, бирдиктүү болсо күчтүү болот. Чачыранды болсо күчсүз болот. Эгер күрддөр өз алдынча болуу менен улуулукка жетебиз деп ойлошсо, бул эч канчалык алыска барбайт, бир аздан кийин ал өздөрүнүн башына түшкөн каран күн болот. Суннийлер Ирактын түндүгү жана батышы өздөрү үчүн аймак болуп бир федерация болушу аларга бакубат жошоо алып келет деп ойлошсо, алар үчүн бул аларга көпкө узабайт. Бир аз убакыттан кийин өздөрүнө кайткан бактысыздык болот. Эгер шиалар Ирактын түштүгү алар үчүн өзүнчө федерация аймагы болушу аларга күчтүүлүктү алып келет деп ойлошсо, бул аларга көпкө барбайт. Бир аздан соң бул да аларга кордук болуп кайтат.

Эй Рофиид элдери, тайпачлык-мазхабчылыкты ыргытып салгыла.

«دَعُوهَا فَإِنَّهَا مُنْتِنَةٌ»

“Аны таштагыла, ал сасык”. (Бухаари Жаабир р.а дан риваят кылган). Мазхабчылык,тайпачылык аталыштарын таштагыла, Аллах атаган ысымдарды бекем кармагыла.

هُوَ سَمَّاكُمُ الْمُسْلِمِينَ

“Ал силерди мусулман деп атады”, [Хаж 78] Ага кайткыла жана Анын арканын бекем кармагыла. Аны менен гана улуулукка жетишесиңер. Эгер антпесеңер, силерге бардык тараптан кордук жетет.

إِنَّ فِي ذَلِكَ لَذِكْرَى لِمَنْ كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ

“Бул – кимде сезе турган жүрөк, уга турган кулак болсо – эскертме” 
Ато абу Рушта 2016 10 30 Эй Рофидайн аҳли: тоифачиликни ва мутаассибликни улоқтириб ташланг.            [Каф 37]

29 мухаррам 1438х

30-октябрь 2016м

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here