Европа Биримдигинин атайын өкүлү Кыргызстанга расмий сапар менен келди

290
0

Европа Биримдигинин атайын өкүлү Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Ал өлкөдө 12-ноябрга чейин болот. Бул тууралуу ЕБнын республикадагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Сапар алкагында ал 10-11-ноябрда өтө турган “Борбор Азиядагы экстремизмдин алдын алуу – коомдоштук деңгээлиндеги чакырыктар жана таасирденүү” деп аталган аймактык конференцияга катышат.

Иш-чара 2016-жылдын май айында Евробиримдик жана Борбор Азия ортосундагы саясат менен коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун негизинде жетишилген макулдашуулардын, ошондой эле октябрда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен Европа Биримдигинин ортосундагы жолугушуунун алкагында уюштурулууда.

Мындан тышкары Петер Буриан кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстан менен Евроиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт. Жолугушуу учурунда өлкөдөгү конституциялык реформалар туурасында дагы сөз жүрөт.

Евробиримдиктин атайын өкүлү 8-ноябрда Ош шаарына дагы барып, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү борборлордун кызматкерлери үчүн уюштурулган семинарга катышат.

Туркистон: 

Кыргызстанга Батыш хазараты кирип келе жатат. Муну көрүп турган жетекчи топ өкүлдөрү, алардын хазараттарына каршы идеологиялык кубатка ээ болбогондуктан, эч кандай чара көрө албай жатышат.

Кыргызстан бийлиги президент башчылыгында, парламент диктатурасына карай аракет алып барууда. Алар  референдумдан өтүп алса, Россия же Түркия сыяктуу авторитардык режимин орнотуу долбооруна карай аракетенип жатышат. Бирок мурундарынын алдында түстүү революцияга даярдык болуп жаткандыгынан коопсурашкан жок. Анткени коопсуроого жана коргоого татыктуу баалулуктар, ураан жана эътикаддар калбады. Элита өкүлдөрү көп каталарды кыла берип алдан тайышты. Өкмөт жана президент болсо, бийликти гана колдо кармап калуудан башка стратегия туурасында ойлобой койду.

Жогорудагы ЕБ өкүлүнүн Кыргызстанды бойлоп, сууда жүргөн балыктай эркин жүрүшүнө себеп, Кыргыз бийлигинин алардан карызга батып калышы жана дагы карыз алууга муктаждыгы өтө күчтүү экендигинен. “Касапка эт кайгысы, эчкиге жан кайгысы” дегендей, куфр дүйнөсү, биздин экономикалык жана саясий абдан начар абалыбыздан өз кызыкчылыктары жолунда өздөрү үчүн абдан жемиштүү пайдаланышууда.

ЕБ, Кыргызстанда сакафий колониялык таасирин күчөтүп барууда. Петер Буриан сыяктуу Батыш атка минерлери Кыргызстандагы өз хазараттары таасирлерин жана бардык мамлекеттик эмес уюмдарын кайрадан текшерип көрүү менен өздөрүнө көз каранды кубаттардын бардыгын дагы да бекемдеп кайтат. Анткени бул уюмдардын дээрлик бардыгы Батыш мамлекеттери тарабынан материалдык жана финансылык жактан камсыздалып турат. 

Кыргызстандын азыркы абалы өтө коопту. Ал Ислам идеологиясынан коопсурап жаткандай болуп көрүнүшү, өз калкын алдоодон башка нерсе эмес. Чыныгы туруксуздукка алып бара жаткан идеолгиялык коркунуч Батыш хазараты менен кирип келүүдө. Бирок бул хазараттын өз коргоочулары болгон ири мамлекеттер бар. Ошон үчүн Кыргыз бийлиги Ислам хазаратынан келип чыккан баалулуктарды коомдон сүрүп чыгаруу иштерин күчөтүп барышат. Алардын бул Ислам идеологиясына каршы күрөш жана аракеттери, ошол батыш мамлекеттери тарабынан финансылык жардам, грант же карыз берип туруу менен бекемделет.

Кийин Кыргызстан карызга баткандан соң, алар мамлекетибизде каалаган ишин, каалаган жайында ишке ашыра башташат. Карызга батып бара жаткан жана дагы карызга муктаж болгон жетекчилерибиз болсо, аларга каршылык кыла алышпайт. Түстүү революцияга карай бара жаткан абал, эми Кыргызстанды эле эмес балким Россиянын Украинадан кийинки жаңы көйгөйгүнө айланып калышы ыктымалы жогорулап барууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here