АКШ ойрон кылуу аркылуу жетише албаган нерсесине коркутуу аркылуу жетише алар бекен?!

280
0

Алеппо согушу: АКШ ойрон кылуу аркылуу жетише албаган нерсесине коркутуу аркылуу жетише алар бекен?!

 Хизб ут-Тахрир амири улуу аалым Ато ибн Халил абу Раштанын 2016-жыл 20-октябрдагы суроого берген жообунда келгениндей Путин, Меркел жана Олланд ортосундагы үч тараптууу жолугушуудан алдын Россиянын Алеппону бомбалоосун убактынча токтотуудан максаты өзү менен Европа ортосундагы чыңалууну жумшартуу о.э өз ара жолугушуу өткөрүлүүсүнө шарт түзүү болду. Бирок жолугушууга чеинки Россия позициясы жана Америкага кызмат катарында ойноп жаткан ролу Европа басымдары таасирине түшүп калбады. О.э, Меркел жана Олланд Путинге таасир өткөзүүгө аракет кылгандарына карабай бул жолугушуудан кийин Путиндин позициясы алардын таасирине түшпөдү. Мисалы, Ортоңку Чыгыш газетасында мындай деп келет: «Берлиндеги үчтүк саммитинде болуп өткөн иштерди күзөткөн Европа булактарына ылайык, Путин өз позициясында калып эч өзгөртпөдү. «Кескин» өткөн талкуулардан кийин орус башчысы – болгону инсандык максат үчүн – ок атпоо мөөнөтүн узартуу маселесин көрүп чыгууга ыраазы болду, бирок «убада бербеди». Жада калса Путин – Грозный да террорчулар көзөмөлү астында болгондугуна ишара кылып, Алеппону Чеченистан борбору Грозныйга окшотушу менен Олланд жана Меркелди таң калтырды. Ал «Алепподо да Грозныйда колдонгон ишибизди колдонобуз», деди. Т.а, бул менен абалды турукташтыруу үчүн бардык күчүбүздү иштетебиз, деди. Мындан европалык жоопкерлер Путиндин Алеппо согушун жоюуда бекем экендигин түшүнүштү». (Ортоңку Чыгыш 2016-жыл 21-октябрь).

Россиянын Алеппого карата болгон позициясы менен АКШ позициясы бир кыл. Анткени, Америка да Алеппо шаарында кылмышкер Асад режимин орнотууну каалодо. Себеби Алеппо Сириянын Дамасктан кийинки экинчи борборбу болуп эсептелет жана ал Сириянын экономикалык борбору деп аталат. О.э, АКШ козголоңду чектөө, алдан тайдыруу, ара тараптан ороп алып, кийин ага чекит коюу үчүн Сириядагы ири шаарларга канкор режим таасирин орнотмокчу. Россиянын Сириядагы иштеринен улам АКШ менен келишип алгандыгы көрүнүп турат. Келишим боюнча, Россия белгиленген милдеттер менен шугулданат жана бул менен АКШ талабын аткарган болот. Бул милдеттердин эң маанилүүсү Алеппо…

Бирок Алеппо Путин текебердигин да, анын артында турган АКШ текебердигин да сындырды жана эң жырткыч түрдөгү бомбалоолор алдында туруктуулук менен туруп берди, ушунчалык кыргындар, курчоо жана ачкачылыкка карабай, аларга тизе бүкпөдү, моюн сунбады… Бомбалоолор, ойрон кылуулар ушунчалык аянычтуу даражага жетти дейсиң, Россияга каршы сын-пикирлер айтылып, согуштагы кылмыштарды, массалык кыргындарды кылды, деген айыптоолор астында калды… Бул Россияны, өзгөчө, Америка аны окуялардын алдына салып койгондугу үчүн, аягы туюк жолго тыгып койду!

Американын Россия колу менен Алеппону өз көзөмөлү астына алыш үчүн колдонуп жаткан ыкмасы Россиянын туюк көчөгө түшүп калуусу менен өзгөрдү. Т.а, бомбалоонун көлөмүн ашырууга, жашоого мүмкүн болбогон акыбалга алып келиш үчүн шаар инфраструктурасын ойрон кылууга жана кийин ок чыгарбоо келишимин жарыя кылып, Алеппо калкынын шаардан чыгып кетүүлөрү үчүн жолдорду ачып берүүгө туура келди. Анткени Америка массалык кыргын жана ойрон кылуу менен Алеппо калкы эркин сындырмакчы, кийин качууга жолдорду ачып берүү менен бул эркин сынап көрмөкчү. Бирок азыркы учурга чеин мында ийгиликке жетпеди, же куралдуу топтордун үстүнөн, же Алеппо калкынын үстүнөн ийгиликке жетишпеди… Бул болсо дал ушул колонизатор мамлекеттер жинин ого бетер келтирди. Ошон үчүн эрктерин сындыруу ишинде канчалык ооматтары болбогон сайын, Россия ошончолук бомбалоосун күчөтүүдө!

Россиянын Европа үчтүк жолугушуусу алкагында жарыя кылынган ок атпоо келишими да дал ушул план алкагында болду. Мисалы, Россиянын коопсуздук жана коргоо кеңеши комитетинин башчысынын биринчи орун басары Франц Клинцевич «гуманитардык ок атпоо келишиминен максат, жарандардын согуш майданынан чыгып кетүүлөрүнө жол ачып берүү, о.э, куралдуу согушкерлердин шаардан чыгып кетүүлөрү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк», деди. Кийин «келишим мөөнөтү бүткөндөн кийин, шаарды согушкерлерден тазалоо иши башталат, ошондо Россияга шаар калкын этибарга албады деген айыптоону коюуу кыйын болот», деп кошумчалады. (Россиянын «Известия» газетасы 2016-жыл 23-октябрь). Ок чыгарбоо жарлыгына кошумча, Россияда жалгыз эсептелген «Адмирал Кузнецов» учак ташуучу кемесинин Сирия жээктерине жол тартканы туурасындагы кабар таркатылды. Британ маалымат каражаттарында, Жер Ортолук деңизге карай жол алган «Адмирал Кузнецов» учак ташуучу кемеси жетекчилигиндеги бир топ орус крейсерлери Шотландия жээктерине жакындашып калгандыгы туурасында кабар таркады. Норвегия телевидениясы Тынч океандын Норвегия түштүк-чыгышында эл аралык сууларда 21-октябрга чеин машыгуу өткөзүү күтүлүп жаткандыктан орус аскердик кемелери дароо түштүккө жол алды… деген кабарды таркатты. Өткөн айда Россия коргоо министри Сергей Шойгу «Адмирал Кузнецов» атындагы крейсердин Жер Ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндө иш алып бараткан орус деңиз күчтөрү тобуна кошулушун маалымдады. (Русия аль-Яум 2016-жыл 20-октябрь).

Булардын бардыгы Алеппо калкына кылынып жаткан коркутуу жана басымдар. Америка менен Россия Алеппо калкын тез арада Алепподон чыгат деп ойлошот. Бирок өз көздөрү менен өлүмдү көрүп-билип, сыноодон өтүп, тизе бүкпөгөн кишилерди коркутуу менен баш ийдирип болбостугун көргөн Америка да, Россия да эмне кылаарын билбей аң-таң!

Ушул жерде бир нерсени айтуу зарыл, Сирияда Америкага кызмат кылуу аркылуу эл аралык ролго ээ болгон, кудуреттүү мамлекет катарында болом деп ойлогон Россия өзүнө өзү зыян келтирди. Буга негизги эки нерсе себеп болду:

Биринчи сабеп: Россия бул жолго кадам коюу менен дүйнөдө биринчи мамлекет болгон АКШ пайдасына кызмат кылды. Ал бул кызматты Америка мени Сирия маселесинде өзүнө шерик кылат, деген үмүттө кылды. Бирок Америка мындай кылыштын ордуна, Россияга өзүнүн алдындагы мамлекеттерге кыла турган мамилесин кылды. Буга далилдер толтура. Мисалы, АКШнын Россия менен ылайыкташуусуна ачыктан-ачык ыраазы болбостугун, кыргын кылуу күнөөсүн анын мойнуна жүктөшү, өзү болсо каралоочуларга ачык эле кошулуп алышы… жана башкалар.

Экинчи себеп: Шам калкынын Россиянын кыргын машинасына чыдамкайлык менен туруштук бере алгандыгы о.э Россиянын Сирияда иш баштаганына бир жыл болгондугуна карабай, Асад режиминин жеңишин ишке ашырып бере албай жаткандыгы Россиянын алсыздыгын көрсөттү. Ошондуктан, бул чындык Россиянын этегин кармаган мамлекеттерге сабак болуп, анын өкүмдарлыгы астынан чыгууга шыктандырса, кийин Алепподо же ал жаккан алоого анын өзү түшүп калса, ажеп эмес. Россия бул ишти үч айда бүтүрүүсүн жарыя кылган эле. Үч ай өттү, үч айдан кийин, үч ай өттү, дагы үч ай жана дагы үч ай өтүп кетти… Мына, бүгүн караңыз, Кремль басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Россиянын Сириядагы милдети аны террорчу уюмадардан азат кылуу жана мамлекеттин бөлүнүп кетишине жол бербөө», деп жатат. Кийин «Вести» каналынын программасында Песков Сириядагы күрөш жакын арада бүтүшү күтүлбөй жаткандыгын айтып, «Тилеке каршы, биз алып жаткан маалыматтар оптимисттик маанайды бербей жатат. Эл аралык коомчулук алдында машакатту жана абдан көп мээнет кылуу керектиги маалым!», деди. (Уюну Холиж 2016-жыл 22-октябрь).

Ошон үчүн, Аллахтын жардамы жана колдоосу менен, Шам калкынын туура чечими жана калыс козголоңчуларынын чыдамкайлыгы себептүү АКШнын өзү, Россия, Түркия, Саудия, Иран сыяктуу табиъ мамлекеттери баш болуп жеңилүүгө учурайт, Аллах бардыгынын айлаларын өздөрүнө кайтарып урат жана жакшы жыйынтык такыбалардыкы болот!

Абдуллах Махмуд

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here