Байъаттын белгилүү бир убакытка чектелиши жайызбы?

264
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Хизб ут-Тахрир амири аалым, шайх Ато ибн Халил Абу Раштанын фейсбук баракчасандагы суроолорго берген жоопторунан (фикхий)

Taqi Naserдин суроосуна жооп: Байъаттын белгилүү бир убакытка чектелиши жайызбы?

Суроо:
Ассаламу алайкум рахматуллоохи ва баракаатух
Менин суроом үммөт менен халифанын ортосундагы ыраазылык келишими болгон баят тууралуу. Халифаны азыркы системадагыдай төрт-беш жылга чектелген белгилүү бир мөөнөткө шайлоо мүмкүнбү? Ушуга далил барбы?
Аллах сиздин колунуз менен Ислам жеңишин берсин
Жооп:
Алайкуму салаам рахматуллоохи ва баракаатух
1. Баят тууралуу келген шарий далилдер белгилүү бир мөөнөткө чектөөнү четке кагат. Себеби, Пайгамбар с.а.в.га жана туура жолдогу хулафаи роошидиндерге берилген баят – Аллахтын китеби жана сүннөт менен өкүм жүргүзүүгө гана берилген. Баят мына ушуга гана байланган. Тактап айтканда, китеб жана сүннөт менен өкүм жүргүзүүгө гана байланган. Эгер Халифа Аллахтын китеби жана Пайгамбардын сүннөтү менен өкүм жүргүзүүнү таштаса, шарий өкүмгө ылайык, ал Халифалык вазыйпасынан ажырайт. Бул тууралуу Халифаны ишинен четтетүү иш чарасы жана мазоолим башкы казынын ыйгарым укуктары темасында шарий далилдер толук түрдө берилген. Баятты мындан башка нерсеге байлоо мүмкүн эмес, анткени, ал баят тууралуу келген шарий далилдерге тескери келип калат. Баяттын шарий далили китеб жана сүннөт менен өкүм жүргүзүүгө гана байланган. Бул сүннөт жана сахабалардын ижмасы менен далилденген.

Ал эми сүннөткө келсек: Убаадата Соомит р.а айтты: Расулуллоох с.а.в. бизди чакырды, биз ага баят бердик. Бизден ал ушул нерселерге баят алды:

«أَنْ بَايَعْنَا عَلَى السَّمْعِ وَالطَّاعَةِ فِي مَنْشَطِنَا وَمَكْرَهِنَا، وَعُسْرِنَا وَيُسْرِنَا، وَأَثَرَةٍ عَلَيْنَا، وَأَنْ لَا نُنَازِعَ الْأَمْرَ أَهْلَهُ»

 “биз оорчулук-жеңилчиликте да, кыйынчылык-жыргалчылыкта да да угуп моюн сунууга жана ишти өз ээлеринен талашпоого баят бердик”. Айтты:

«إِلاَّ أَنْ تَرَوْا كُفْرًا بَوَاحًا عِنْدَكُمْ مِنَ اللهِ فِيهِ بُرْهَانٌ»

 “бирок ( баш ийбейсиңер), качан ачык куфрду көрсөңөр жана ага каршы Аллахтын китебинен далилиңер болсо”. Бухаари, Муслим риваяты.
Яхя бин Хусайндын чоң энеси умму Хусайн айтты: анын айтып жатканын уктум, ал айтты: Русулуллох с.а.в айтты:

«إِنْ أُمِّرَ عَلَيْكُمْ عَبْدٌ مُجَدَّعٌ – حَسِبْتُهَا قَالَتْ – أَسْوَدُ، يَقُودُكُمْ بِكِتَابِ اللهِ تَعَالَى، فَاسْمَعُوا لَهُ وَأَطِيعُوا»

“мурду кетик кул силерге амир болсо да, ал Аллахтын китеби менен силерди жетектесе, аны угуп ага баш ийгиле”.

Ушул далилдерден көрүнүп тургандай, баяттагы угуп жана баш ийүү Аллахтын китеби жана Пайгамбар с.а.в. дын сүннөтү менен өкүм жүргүзүлүүсүнө гана байланган. Качан ачык куфрду көргөндө, тактап айтканда, шариятка катий каршы иштерди көргөндө, угуп баш ийилбейт.
Ал эми сахаабалардын ижмаасы болсо: хулафаи роошидиндерге берилген баятта, алардын Аллахтын китеби жана Пайгамбар с.а.в дын сүннөтү менен өкүм жүргүзүүлөрүнө гана байлаган. Белгилүү бир мөөнөткө байланган эмес. Аларга берилген баят көптөгөн сахаабалардын р.а. катышуусу менен ишке ашкан. Ошондуктан халифага берилген баят белгилүү бир мөөнөткө чектелбегендиги да ушул сахаабалардын ижмаасы менен ижмаа болуп калат. Халифага моюн сунуу анын Аллахтын китеби жана Пайгамбар с.а.в.дын сүннөтү менен өкүм жүргүзүүсүнө байланган. Тактап айтканда, Аллах түшүргөн китеб менен өкүм жүргүзүүсүнө, эгер антпесе, ага баш ийилбейт.
Муьамар бин Рошид “Жаамиь” китебинде риваят кылат: Абу Бакр бизге мындай хутба кылды: “Эй адамдар, мен силерге амир болуп шайландым. Мен силердин жакшыңар эмесмин. Мен Аллахтын китеби жана Пайгамбар с.а.в.дын сүннөтүнө баш ийгенимде, силер да мага баш ийгиле. Эгер мен Аллахтын китеби жана Пайгамбар с.а.в. дын сүннөтүнө баш ийбесем, силердин мага баш ийүүңөр да жок. Намазыңарды өтөгүлө, Аллах силерди ырайымына алсын.”

Ушул далилдерден көрүнүп тургандай, баят белгилүү бир мөөнөткө чектелген эмес, балким Халифанын Аллахтын китебине жана Пайгамбар с.а.в.дын сүннөтүнө баш ийүүсүнө байланган. Халифа Аллах түшүргөн өкүм менен өкүм жүргүзө берсе, ага баш ийүү улана берет. Качан гана Халифа Аллах түшүргөн өкүм менен өкүм жүргүзүүнү токтотуп, ага каршы иш тутса, анда ага баш ийилбейт жана анын мөөнөтү бүтөт, мейли, ал бийликке келгенине жарым ай болсо дагы.
Бул боюнча мазолим казысынын ыйгарым укуктары жана Халифаны иштен четтетүү темаларында шарий далилдери менен толук берилген.
2. Ал эми халифаны белгилүү бир мөөнөткө шайлоо тууралуу айтып жаткандардын далилдери да, далилге окшош нерселери да жок. Бул боюнча 2013 04 06 чыгарган суроо-жоопто кеңири токтолгонбуз, каалоочулар болсо ага кайрылса болот.
Ато абу Рушта

26 мухаррам 1438х

27-октябрь 2016м

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here