Эки жүздүү саясат

247
0

Эки жүздүү саясат

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Түркияда Халифалык кулатылып, анын ордуна жарыя кылынган “Түркия республикасы” күнүнө байланыштуу президент сарайында майрамдык кече уюштурду. Бул кечеге саясатчылар, жарандык коомдун активисттери, атактуу сүрөтчүлөр жана академиктерден турган эки миң киши чакырылды.

“Бүгүн Мустафа Кемелдин башчылыгында жарыя кылынган мамлекетибиз Түркия республикасынын 93 жылдыгын белгилеп жатабыз. Кулдукка ыраазы болбогон түрк улуту баскынчыларга каршы согушта жеңишке жетишти. Бул жеңиш артынан “өкүмдарлык элдики” деген принципке негизделген Түркия республикасын көрдүк”, деди Президент Эрдоган республика күнү майрамы менен куттуктаган сөзүндө.

Бирок мындан бир ай алдын Түркия президенти “Түркия республика”сынын жарыя кылынышына себеп болгон Лозанна келишимин сынга алып, “Тарыхта бизге карата кандай иштерди кылышты?! 1923-жылда бизди Лозанна келишимине көндүрүштү. Айрым кимселер бизге Лозанна келишими жеңиш алып келди деп “көндүрүү”гө аракет кылышты. Бардыгы белгилүү, Эгей деңизин көрүп турасыз. Кыйкырсак угула турган аралдарды Лозанна келишимине ылайык, Грецияга бердик, ушул жеңишпи? Ал жерлер бизге караштуу жерлер болчу. Ал жерлерде биздин мечиттерибиз, ибадатканаларыбыз бар. Азыр болсо биз деңиз астындагы жана деңиз үстүндөгү майдандарыбыз кайсыл жерге чеин экендиги туурасындагы тартышуулар менен убарабыз. Буга ошол келишимге кол койгондор себепкер”, деп баянат берген эле.

Хизб ут-Тахрир Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар Түркия президентинин бири-бирине карама-каршы баянаттарды берип жаткандыгына таң калбысыгын билдирди. Кардын пикиринче, азыркы күндө бир-бирине каршы келген баянаттарды берүү саясатчылар арасында кадимки адатка айланган.

“Түркияда саясат жүргүзүүнүн бирер бир өлчөөсү калбады. Кээде “реалдуу саясаттын да өлчөөсү болбойбу?”, деген суроо туулат. Саясатчылардын тилинен чыгып жаткан жалган жана карама-каршы баянаттары ушунчалык көбөйүп кетти дейсиң….

Мурунку саясатчылар да жалган жана карама-каршы баянаттарды беришчү. Бирок алар өздөрүнүң эки жүздүүлүктөрүн жашырууну да билишчү. Бүгүнкү саясатчылар болсо эч уялбастан, жалган жана карама-каршы баянаттарды бериштен тартынбай калышты” дейт Махмуд Кар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here