“Ыйман” фонду “Конфуций” китебин басып чыгарды

339
0

“Ыйман” фонду “Конфуций” китебин басып чыгарды

“Ыйман” фонду журналист Эрнис Асек тарабынан кыргыз тилине которулган “Конфуций” китебин басып чыгарды.

 “Конфуций дүйнө жүзүндөгү атактуу ойчулдардын бири. Ошон үчүн мен анын билими жана кеңештеринен кыргыз окуучулары өздөрүнүн көптөгөн суроолоруна жооп табышы мүмкүн деп ишенемин. Котормодо ойчулдун пикирлери жеңил жана түшүнүктү кылып берилген. Китеп окуу жана руханий өнүгүү үчүн жакшы азык болот”,- деди “Ыйман” фондунун башчысы Нуржигит Кадырбеков.

 Кабарга ылайык, бул китеп тарых жана маданият жылында атайын чыгарылды. Анткени, делет кабарда, тарыхий ойчул Конфуцийдин эмгектери ахлагын жана маданиятын руханий жактан байыткысы келгендерге жакшы булак болуп эсептелет.

Туркистон:

“Ыйман” фондун Кыргызстан мусулмандары, Ислам дини үчүн коргоочу, аны өнүктүрүү үчүн аракет кылып жаткан диний фонд деп кабыл кылышат. Алардын демилгеси менен имамдарыбызга стипендиялар бериле башталды. Бирок бул фонд же уюм, Ислам эътикады жана баалулуктарын эле коргоочу эмес, балким бардык дин жана дүйнө караштарды о.э секталардын ишенген акыйдаларын да коргоочуу болуп эсептелет.

Бул фонддун катышуусу менен, араб тили жана диний билимдер бар болгон бардык мечиттердин имамдары аттестациядан өткөрүлүп илманийликке ыктоолору бар башка имамдарга алмаштырылды. Бир катар аткаруучу министрликтерде, мисалы, орган кызматкерлеринин катышуусу менен исламий межлис жана илимий жыйындар уюштурулду. Мусулмандардын бир бөлүгү аларга алданып “ыйман” фондун исламий баалулуктарды коргоочу жана динибизди коомубузда жайуу үчүн түзүлгөн уюм деп кабыл ала баштаган эле.

Лекин биз билебиз, бул уюм куфр тарабынан ыймандарыбызга койгон тузактан башка нерсе эмес. Бул сыяктуу уюмдардын максаттары, диндер аралык жакындыкты пайда кылуу. Т.а, Ислам динин либералдаштыруу (кызыкчылыкка ылайык жандашуучу) жана динибизге башка диндер о.э түзүмдөрдүн билимин алып кирүү аркылуу аны бузуп жиберүү.

Ислам динине ишеним келтирген Кыргыз улутунун бутпарас конфуций билимине муктаждыгы барбы?! Динибиз толук, кемчиликсиз дин, жашообуздун бардык тармактарындагы көйгөйлөрүнө чечим бере алат деп даават кылып жатсак, булар буддист философтун дүнүйө карашына байланыштуу болгон чалгытуучу бир китепти которуп жатканы кандай?!

Кудум мына ушул уюмдар, Ислам тонун кийип, аны никаб кылып алган Батыш дүйнө карашын динибизди бузуу максатында, мунаафыкча ичибизге кирип алгандар десек болот. Булар динди өнүктүрүштү эмес, балким мусулмандардын алсыз жерлерин издеп таап, аларга ошол жерден чабуул кылышмакчы. Аларды ишенимдеринен чалгытып, коомубузда жаңы-жаңы секталарды пайда кылышат жана аларды ашкере же жашыруун түрдө камсыздап келишүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here