Расмуссен: АКШ “дүйнө полициясы” болушу керек
НАТОнун мурунку баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин оюнча, АКШдагы президенттик шайлоонун натыйжасы кандай болушуна карабастан, мамлекет жетекчилиги дүйнөдөгү чыр-чатактарды чечүүдө активдүү болушу керек.
“Бизге эл аралык полициячы болгон Америка керек. Биз Американын дүйнө иштериндеги жетекчилигин орнотушубуз керек”,- деген НАТОнун мурунку баш катчысы Британиянын Sky News телеканалына берген интервьюсунда.
Ал чечилиши керек болгон көйгөйлөрдүн катарында Сирия, Ирак, Ливия жана Украина чыгышындагы абалдарды сөз кылган.
“Күчтүү мамлекеттердин дем алууга акысы жок. Айланага караңыз, дүйнө согуш жана чыр-чатактар алоосунда калгандыгын көрөсүз. Ирак чачыроо алдында турат. Ливия – Түндүк Африкадагы мамлекеттүүлүгүн жоготууда. Россия Украинага чабуул кылууда жана Чыгыш Европаны туруксуздаштырууда. Кытай өз күчүн көрсөтүүдө, мыйзамсыз мамлекет болгон Түндүк Корея ядролук чабуулдары менен коркунуч туудуруп жатат”,- деген Расмуссен.
“Булардын бардыгы эл аралык укук жана тартипти орнотуу үчүн эл аралык полициячы керектигин билдирет”, — дейт Расмуссен.
Анын сөздөрүнө караганда, Барак Обама ушул убака чеин “дүйнөдөгү чыр-чатактарды жоюууда куралдуу күчтөрдөн пайдалануу же алар менен коркунуч салууга каршылык кылып келген”.
Альянстын мурунку баш катчысы республикачылар талапкери Дональд Трамп президент болуп калышынан тынчсызданып жаткандыгын жашырбаган. Анын айтышынча, бул “дүйнө үчүн абдан коопту” болушу мүмкүн.
Туркистон:
Ооба, АКШ мамлекети стратегиясын президент эмес, неоконсерваторлордон турган жетекчи кубат ээлери белгилейт. Президент да, жетекчи топ, сенат жана жетекчиликти бөлүшүп алган эки партия (республикачилар жана демократтар) да, жалпы стратегияга ылайык иш алып барышат.
Жетекчи кубат, дүйнө системасын курал кылып, дүйнөлүк саясий жана геополитикалык өзгөрүүлөргө ылайыктап, тактикаларды өзгөртүп барышат. Мисалы, эл аралык саясатта, 2000-жылдан кийинки окуяларда да азыркы окуяларга окшош абал жүз берип, жетекчи кубат өкүлдөрү президенттикке кичи Бушту алып келишкен. Т.а, күтүлүп жаткан иштерди чече ала тургандай адамды президенттикке алып келип, аны эмоцианалдуу адам деп, анын колу менен кылмыштык иштерди ишке ашырып алышты.
Донольд Трамп прзиденттикке келе жатат. Жогорудагы Расмуссендин баянаты, Трамптын ролу кандай болушун көрсөтүп жатат. Б.а, АКШнын кийинки тактикасы, келе жаткан президенттин өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Туурарагы, Американын жаңы стратегиясына ылайык деп тандалган президент келе жатат.