Сириядагы абал Россияны кабатырга салууда
Сириядагы кескиндик Россияны кабатырга сала баштады. Бул туурасында Россия тышкы иштери министри Сергей Лавров Сирия тышкы иштер министри Валид Муаллим жана Иран тышкы иштери министри Жавад Зариф менен Москвада жолугушуу өткөргөндөн кийин камералардын алдында берген интервьюсунда маалымдады. Лавровдун айтышынча, кеч боло электе, “террористтерге” (мужахиддерге) каршы күрөш үчүн күчтүрөөк аракетке өтүү керек.
“Террористтерди (мужахиддерди) токтотуу үчүн аракеттерибизди күчөтүүбүз керек. Башка жолубуз жок. Болбосо бул согушта Сирияда гана эмес, балким бүткүл Жакынкы Чыгышта жеңилүү ызасын тартып калуу коркунучунда калабыз”, деп кошумчалады Россия тышкы иштер министри.
Лавровдун бул баянаты оппозициячыл күчтөр Халаб блокадасын алып таштоо үчүн аракетке өтүүлөрү артынан айтылды. Сентябрь айынан бери болжолдуу 275 миң киши Асад күчтөрү тарабынан блокадага алынган бойдон калууда.
О.э, Сергей Лавров Сириянын Халаб шаарында Жабхатун нусра сыяктуу “террорчу” топтор менен мамилелерин үзбөгөн бардык оппозициячыл топторду да бутага алышын маалымдады. Москванын айтышынча, Америка Россиянын бул аракеттерин колдоп-кубаттайт.
Акыркы кабарларда айтылышынча, Россия Кара деңиздеги аскердик күчтөрүн да Сирияга жөнөткөн. Ушул убакта Кара деңиз флотуна караштуу “Сметливый” атуу кеме Крымдан Сирияга жол алганы айтылууда. Орус булактарына карай, кемеде полковник Дмитрий Усков башчылыгында терроризмге каршы күрөш тобу бар.