Шам козголоңун токтотуу дүйнөнүн эң биринчи маселесине айланды
Ушул күндөрдө эл аралык жана регионалдык чөйрөдөгү чечим ээлерин алектендирген бүткүл дүйнөдөгү эң биринчи маселе Шам козголоңуна чекит коюуу болуп калды. Маалымат каражаттарында жалаң ушул туурасында айтылууда, аналитиктер аналитикасында жана баяндоочулар баяндоосунда да Шам окуялары негизги орунду ээледи. Чындыгында, бул тема саясатчылар күн тартибиндеги маселелердин эң баштапкысынан орун алды. Өз ара күрөшүп жаткан мамлекеттер бул темадан пайдаланып анын эсебинен өз позицияларын бекемдөөгө аракет кылышууда, ал себептүү регионалдык малай күчтөр бири-бирине каршылык кылууда… Ошол эле убакта, дүйнөдөгү башка маанилүү маселелер Шам козголоңу маселеси астында артка сүрүлдү. Түштүк Кытай маслеси, Корея жарым аралындагы чыңалуулар, Индия менен Пакистандын Кашмир туурасындагы жаңжалдары, Орто Азия маселелери, Латын Америка жана Африка көйгөйлөрү, нефть, газ, энергетика жана башка көптөгөн эл аралык маанилүү маселелер, олутту саясий, экономикалык темалар экинчи орундагы маселелерге айланды, Шам маселеси алдында кең майдан ачылды.
Акыркы апта аралыгында, Сирия окуяларын талкулоо үчүн бир катар жыйындар жана конференциялар уюштурулду. Маселен, 13-октябрда Рияз жыйыны болуп, анда Саудия, Катар, Түркия мамлекеттери катышып, Сирия темасы үчүн саясий чечим катарында өз караштарын бириктирүү жана Лозаннага бир позиция менен баруу максатында Саудия демилгесин талкуулашты. Кийин 15-октябрь ишемби күнү Лозанна саммити болуп өттү, анда Британия менен Франция четтетилип, алардын ордуна Түркия, Иран, Саудия, Катар, Миср, Ирак жана Иордания чакырылды. Саммиттен чыккан Керри жыйындын чыңалган абалда өткөндүгүн, бирок ага карабастан жаңы пикирлер ортого ташталганын билдирди. Эртеси 16-октябрь жекшемби күнү Лондондо Керри британиялык, франциялык, германиялык кесиптештери менен учурашып, аларды Лозанна саммити жүрүшү менен тааныштырды. Жана 17-октябрь дүйшөмбү күнү Керри Европа Союзу министрлери менен жолугушуп, аларды да дал ушул тема менен – бирок жалпы түрдө – тааныштырды. Ушул жыйындагы жолугушуулардын натыйжасы ноль-ноль суммасын берди, эч кандай чечимге алып келбеди, бирер жемиш бербеди, иштер ошол бойдон калды. Сирияда же бирер аракет болбоду, же өзгөрүү, же бомбалоолор токтободу, же кан төгүүлөр, же блокада ачылбады, же гуманитардык жардамдары киргизилбеди, Сирияда саясий чечимге байланышкан эч кандай алдыга жылуу көзгө ташталбады.
Бул жыйындардан АКШнын жаңы тактикасы ортого чыкты. Бул тактика регионалдык күчтөрдү конференция алкагына киргизүү, Британия Франция сыяктуу ири мамлекеттерди болсо андан узакташтыруу, буга Россия бул эки мамлекеттин катышуусун каалабай жатат, анткени бул эки мамлекетте Россияга каршы экстремисттик позиция бар, деген нерсени далил кылыштан турат. Регионалдык күчтөр тарабынан Россия жана АКШ жанында катышуу аркылуу Британия менен Францияга карата маанилүү нота т.а экөөңөргө Сирия маселесин талкулоодо орун жок, деген нота жолдонду. Өзгөчө өткөн апталар аралыгында Франция менен Британиянын Россияга каршы абалын кескиндештирүүгө болгон аракеттер артынан ушундай болду.
Лозанна саммитинде регионалдык мамлекеттерди катыштыруу ушунчалык үстүртөн болду. Анткени биринчи Керри менен Лавров өзүнчө учурашышты жана саммит натыйжасын алдын ала белгилеп алышты. Кийин жети мамлекет делегациясы киргизилди. Россия өзүнүн ок чыгарууну токтотуштан алдын Фатхи Шам фронту согушкерлерин башка согушкер топтордон ажыратып коюууну талап кылыш позициясында бекем турду. АКШ Халабды бомбалоону токтотуу же бир аз жумшартуу, согушкерлер арасын бөлүштөн алдын гуманитардык жардамдарды киргизүү сыяктуу талаптарын койду. Кийин жыйын катышуучулары – ортого ташталган жаңы пикирлер да бар, аларды келерки жолугушууларыбызда талкуу кылабыз, деген сөз менен таркашты.
Лозанна саммитинде болуп өткөн иштерди – Америка Сириядагы бомбалоолорду да, Асад режиминин жай тургундарды кыргын кылышын да токтотууга аракет кылууда деш менен бирге Американын айыбын жабуу иштери да деш мүмкүн. Бирок бул мамлекет ок чыгарууну токтотуудан көрө, Россия менен болгон өз келишпөөчүлүктөрү маанилүү экендигин шылтоо кылууда. Натыйжада, ал Россиянын Халаб калкына басым кылуу позициясынан пайдаланып, аларды болгону эки тандоонун бирин тандоого мажбур кылууда, үчүнчү тандоо жок: же тизе бүгүп баш ийүү, же кыргындар жана ойрондорго карай баруу. Бул тандоонун өзүнүн катардагы сунушун ортого таштаган БУУ өкүлү де Мистура позициясы да тастыктап турат. Бул сунуш курчоодогу Халабдын чыгыштагы бөлүгүнө гуманитардык жардамдарды киргизүү үчүн Фатхи Шам фронту согушкерлерин чыгып кетишин шарт кылат. Бул болсо Америка позициясынын дал өзү.
Американын козголоңчулар арасында жик салып, аларды экстремисттер жана муътадилдерге бөлүү ыкмасы жаңы ыкма эмес. Ислам жана мусулмандарга Америкадай душман болгон бир мамлекеттен муну күтүш мүмкүн. Акыр түбү, эгер – Аллах көрсөтпөсүн – ага ыраазы болуна турган болсо, козголоң отун өчүрүп, аны бүтүндөй жок кылууну жана тогут Башар режимин мурункудан да бүтүн абалда сактап калышты көздөгөн.
Шек-күмөнсүз, Америка өзүнүн ыплас колонизаторлук максатын ишке ашыруу жолунда регионалдык мамлекеттерден жана бүткүл дүйнө мамлекеттеринен пайдадланганы сыяктуу, Россиядан да пайдаланууда. Этият болгула, анын бул ыплас максаты козголоңго чекит коюуу жана Сирия калкынын исламий долбоорлорун тикелөөгө болгон умтулууларын жокко чыгаруу. Бирок, бул долбоор Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө, Америка жана бүткүл дүйнө күчтөрүнүн Сирияга зордук менен кайта орнотууга аракет кылып жаткан илманий мамлекет арзусун жокко чыгаруудан турат.
Чындыгында, Шам маселеси бир тараптан, Ислам үммөтү ортосунда, экинчи тараптан куфр жана тогут күчтөр ортосунда өмүр жана өлүм маселесине айланды. Мындай абалда нусратка жетилгенге чеин козголоңдон артка кайтпаш керек болот. Анткени бул маселе үммөт козголоңуна, чыныгы өзгөрүү менен байланышкан мабда маселесине айланды, мында бекем туруу улуу ишке айланды. Үммөттүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети долбооруна биригүүсү – чегинип же бөлүнүп болбой турган идеяга айланды.
Бирок Америка да, аны менен бирге Россия да, аларга малай режимдер да – бардыгы канчалык кыргын кылышпасын, канчалаган күчтөрдү жалдашпасын, канчалаган үйлөрдү ойрон кылып, канчалаган адамдарды качкынга айлантпасын, Шам козголоңунун жалынын эч өчүрө алышпайт, калктын күчүнө эч тең келе албайт. Анткени Сирия жана аймактагы мусулман калктардын жүрөктөрүнөн жай алган Ислам кудурети ушунчалык күчтүү дейсиң, Америка жана анын тарапкерлери ага эч бир тең келе албайт. Анткени ал автоматтык түрдө улам кубаттанып бара жаткан реалдуу күч болуп, каршысында туш келип жаткан ар кандай илманийликти, куфрду сапырып таштайт, инша Аллах.
Абу Хамза Хутваний калемине таандык