Бир сааттык пикирлөө бир түндүк нафил ибадаттан абзел

295
0

Бир сааттык пикирлөө бир түндүк нафил ибадаттан абзел

 Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 28-октябрь күнү жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде, Кыргызстан мусулмандары пайгамбарыбыздын “бир саат илим алуу бир түндүк ибадаттан абзел” деген осуяттарын унутпоолору керектигин айтты.

 Атамбаев бир убактарда өнүгүү мусулман мамлекеттерден башталгандыгын студенттерге айтып өттү.

 “Бүгүн биз пайдаланып жаткан араб сандары, алгебра, алгоритм… булардын бардыгы араб сөздөрү. Эң алгачкы университет Марокконун Фес шаарында негизделген жана ал жерге европалыктар келип мусулмандардан таалим алышкан. Пайгамбарыбыз Мухаммаддын с.а.в осуяттарында бир саат илим алуу бир түндүк ибадаттан абзел деп айтылган. Бирок ошол убакта молдолор күчтүү болуп, адамдарды Куръанды жаттоого мажбур кылышкан. Акыркы жүз жылдыкта мусулман өлкөлөрдөн болгону эки киши гана Нобель сыйлыгын алды. Бул Исламды такыр түшүнбөгөн, мындан миң жыл алдын араб калкы үчүн жазылган эрежелерди адамдарга тыгыштырган чала молдо менен имамдардын кесепети. Бул биздин башыбызга түшкөн чоң балээ. Кыргызстан мусулмандары бир саат илим алыш бир түндүк ибадатка барабар деген пайгамбарыбыздын осуятын эстен чыгарбоолору керек. Мен муну акыркы убактарда жаштар сакал коюуу жана арабча сүйлөгөндү мода катарында кабыл кыла баштагандыктары үчүн айтып жатамын”,- деди Атамбаев.

 Туркистон:

Чындыгында да ушундай, туурарагы ушуга окшош хадис бар.

” طلب العلم ساعة أفضل من قيام الليل”

“Бир саат илим издөө бир түндүк нафл ибадаттан абзел” (Имам Тирмизий риваяты).

Бирок ал хадисте пайгамбарыбыз (сав) түндү намаз окуп өткөзгөн адамдын ибадаты туурасында айткан. Бул сөздөрү менен Мухаммад (сав) түндөсү окула турган намаздын даражасын түшүргөн эмес. Балким, түндүн бир бөлүгүндө жылдыздарга карап, пикирлеп, Аллахтын кудуретине ыйман келтирүү же ыйманын акылы менен амалдарына таасир кыла турган натыйжаларына жетишүү үчүн пикирлөөнүн абзелдиги туурасында айткан.

Бирок Атамбаев бул хадисти түшүнбөгөндүгү үчүн аны намаз, араб тилин үйрөнүү илими, сакал, куръан жатто сыяктуу исламий ибадат жана амалдарга каршы пайдаланмакчы болуп жатат. Түпкүрүндө бул хадисти илим үйрөнүүгө тиешеси жок. Балким пикирлөө жана акыл менен Аллахты тааныш үчүн анын махлукаттарына терең  маани берип, жаратуучунун кудуретине болгон ишенимдерин дагы да күчөтүүгө үндөө максат кылынган. Т.а, бул хадистеги пикирлөөгө болгон үндөө башка шаръий өкүмдөрдү инкар кылышты же аларды таштап коюп бир гана пикирлөөгө же жалаң гана илим алуу менен чектелүүгө далалат кылбайт.

Атамбаев акыркы убактарда өзүнүн саясий сөздөрү жана аракеттеринде абдан көп каталарга жол берүүдө. Эми ал “мен Куръанды билемин” деп, хадис жана аяттарга да шарх бере баштады. Илмиянов сыяктуу президенттин саясий кеңешчилери диний жактан айтып келе жаткан ката жана тескери кептерин президенттин айланасындагы Абдышүкүр Нарматов сыяктуу диний кеңешчилери да туура деп жатканга окшойт. Бул диний уламалар президенттен коркпой Аллахтан коркуп, Атамбаевдин туура эмес шаръий аракеттерин токтотуулары важиб. Президент өзүн эле эмес балким бардык диний уламалар, диний чөйрөнүн абройун төгүп жиберет. Шаръий каталар, саясий каталардан жаманыраак. Диндарларды өздөрү алып бара жаткан саясаттарына аралашуудан четтетип жаткандарындай, президент да өз душмандарына каршы динди курал кылып пайдалануу ниетинен кайтышы керек.

Уламалардын ээсине! Коомубуз исламийлешип барган сайын, саясатчыларыбыз да исламийлешип барат. Бирок алар өздөрү алып бараткан куфр саясатында исламды бири-бирине каршы курал кылууга аракет кылышат. Силер шаръий өкүмдү жана Ханафий мазхабындагы шаръий усулдарды аларга түшүндүрүп беришиңер керек. Т.а, өз максатына жетүү жолунда өкүм иштеп чыгуунун арамдыгы, мужтахид болбогон адам хадис же бир аяттан өзү үчүн өкүм чыгарып алышы мүмкүн эместиги… ж.б. Болбосо жогорудагы сыяктуу салтанат ээлери ар кандай сөздөрдү сүйлөп, шаръий өкүмдөрдү өздөрү билгендей колдоно баштайт. Кийин силер аларга каршы туура өкүмдү баян кыла албай, нусустарга кыянат кылып, ошол саясатчынын айтканына ылайыктоодо абдан кыйналасыңар. Өзбекстан уламаларынын азыркы күндөгү абалдары сыяктуу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here