Бишкекте ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңеши болуп өтөт
2016-жылдын 2-3-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында ШКУнун өкмөт башчылары кеңешинин катардагы жыйыны болуп өтөт.
Бишкекте 3-ноябрда өтө турган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны учурунда коомдук тартипти 3 миңден ашык миллиционер камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн ”Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык патрулдук милициясынын башчысы Эркин Баев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте ШКУ саммити өткөндүгүнө байланыштуу ИИБнын өздүк курамы 31-октябрдан 3-ноябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Шанхай Кызматташтык уюму (ШКУ) мамлекеттери башчыларынын жыйыны 3-ноябрь күнү Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болуп өтөт.
2-ноябрь күнү Кытай республикасынын премьер-министри Ли Кэцян Кыргызстанга келди.