Кыргызстан парламенти конституциянын түп нускасын жоготуп койду

265
0

Кыргызстан парламенти конституциянын түп нускасын жоготуп койду

 Кыргызстан парламенти мамлекет конституциясын өзгөртүүгө байланыштуу референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жаткан убакта депутаттар бир нерсеге маани беришкен. Парламентарийлер мамлекеттин негизги мыйзамынын түп нускасы жоктугун аныктаган.

 Сентябрь айы аягында Кыргызстан республикасы парламенти мамлекет конституциясына өзгөртүү киргизүүгө байланыштуу элдик референдумду өткөрүүнү 2016-жылдын 4-декабрына белгилеген эле. Т.а, референдумду жергиликтүү шайлоолор менен бир убакта өткөрүү аркылуу 4 млн долларга жакын акча каражатын үнөмдөө пландаштырылган. Бирок, 10-октябрь күнү президент Атамбаев жергиликтүү акимият органдарына шайлоолорду 11-декабрда өткөзүү туурасындагы жарлыкка кол койду. Ушуга байланыштуу референдум мөөнөтүн да кечиктирүү маселеси күн тартибине чыкты.

 Мыйзам долбоорун талкулоо учурунда “Ата-Мекен” парламент фракциясы мамлекет акимияты органдарына кайрылып, мамлекеттин негизги мыйзамынын түп нускасын көрсөтүүнү талап кылган. Бирок, бүгүнкү күндө адилет министрлиги о.э президенттик аппарат документтин көчүрүлгөн нускасына гана ээ экендиги аныкталган.

 “Өзгөртүү киргизүүдөн алдын, анын түп нускасын табышыбыз керек, болбосо биз эмнеге өзгөртүү киргизишибиз белгисиз болуп калат”,- деген республиканын мурунку прокурору, депутат Аида Салянова. Социалисттер, ошондуктан, конституциянын түп нускасын табуу үчүн атайын комиссия түзүүнү да сунуш кылышкан.

Туркистон:

Конституция, бул бийлик салахиятын бир адамга же бир топко шайлоо жолу менен өткөрүп берген жарандар (калк)тын ушул өкүмдү аткаруучу топ менен ортолорунда түзүлгөн келишим.

Б.а, салахият элдики. Эл болсо, коомдук вужуд (ар кандай пикирлерге ээ болгон адамдардан түзүлгөн) болгондуктан, өзүн өзү башкара албайт. Ал жада калса өзү үчүн өзү өкүм да чыгара албайт. Ошон үчүн ал өзүнүн ичинен, жетекчи б.а коомдогу эң жогорку болуп турган пикир тарапташы жана алдыңкылардын бирине бул салахиятты өткөрүп берет. Салахиятты алган жетекчи топ, салахият ээси болгон жарандары менен аларды кандай жана кайсы негиздер менен башкаруу керектиги туурасында келишим түзүп алат. Бул келишимдин аты конституция деп аталат. Бул тартип ар кандай коомдо дээрлик ушундай жол менен болот.

Ислам мамлекетинде да, мусулмандар (эл) өз салахиятын Халифага шайлоо жолу менен өткөрүп бериштери менен Халифа мыйзамдык түс алып, бүткүл салахият ээси болот. Ислам менен куфр ортосундагы айырма Халифа салахиятты элден алганы менен мыйзам долбоорлорун да, өкүм чыгаруудагы салахият чегараларын да Аллахтын нусустарына негизделген шаръий өкүмдөрдөн алат. Куфр системаларында болсо, өкүмдарлар колдонуп жаткан мыйзам долбоорлору, салахият берген эл өкүлдөрү тарабынан иштеп чыгарылган негиздер менен башкарышат. Ар кандай абалда да, ортолорундагы келишим болушу шарт.

Кыргызстанда, эл менен бийлик ортосундагы ошол кол койулган (конституция) келишим жок имиш. Алар өкүм жүргүзүп жаткан азыркы конституция болсо, көчүрүлгөн нуска же бүтүндөй башка конституция болуп, кол койулган б.а элдин салахияты өткөрүлүп берилгени тастыкталбаган документ экен. Бул абалда мыйзамдык негиз менен караганыбызда, азыркы бийликте аны салахият ээси экендигин тастыктоочу документ жок. Мындай учурда салахият калкка кайтып өтүп кетиши керек.

Бул болсо, бардык сот өкүмдөрү бекер экендигин, призидент, депутаттардын бардыгы чыгарып жаткан мыйзамдар да, өкүмдөрү да бекер кылынышын түшүндүрөт. Анткени эл менен бийлик ортосундагы келишим жок же кол коюлган эмес же жасалма…..

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here