Ислам Кызматташтык уюму Исламга каршы согуш жарыялады

269
0

Ислам Кызматташтык уюму Исламга каршы согуш жарыялады

Ислам Кызматташтык уюмунун баш катчылыгынын мамилелер боюнча борбору мамилелер, тынчтык жана бир пикирдүүлүккө каратылган өз ишин хижрий 1438-жылдын башында баштай тургандыгын расмий түрдө жарыялады. Ошондуктан, дал ушул борбордук электрондук сайтынын ишке түшүрүлүшү тышкы иштер министрлери кеңешинин кырк үчүнчү сессиясында расмий жарыя кылына турган болду. Маалым болгондой, тышкы иштер министрлери кеңешинин кырк үчүнчү сессиясы 2016-жылы 18-19 күндөрү Өзбекстан борбору Ташкентте болуп өтүшү белгиленген.

Ислам Кызматташтык уюмунун баш катчылыгында мамилелер жана алакалар астында иштөөчү бул борбор, террроризм, экстремизм жана зордукчулукка (булардын ар кандай түрүнө, алардан, электрондук алака тармагы, маалымат каражаттары жана электрондук фазалар жардамында) каршы күрөшүүнү өз алдына максат кылып койгон. Анын максаттарынын дагы бири, бул кемчиликтер менен ырайымсыз мамиледе болуу үчүн уюмга мүчө мамлекеттердин пропагандалык абалдарды жана окуяларды жарата турган механизмдерди да иштеп чыгышы мүмкүн.

Уюмдун баш катчысы Ияд ибн Амин Маданий мырзанын  түшүндүрүшүнчө, борбор бир нече маанилүү милдеттерди өз мойнуна алат. Алардын бири терроризмге жардам берүүчү мамлекеттердин жалгандарын ачыктоо. Бул милдетти коомдук сайттарга каршы реакция катарында каттарды жиберүү, мусулман жаштары үчүн маанилүү эсептелген идеологиялык темаларга байланышкан өз ара жазушууларды алып баруу о.э террорчу жамааттардын туура эмес пикирлеринин жалганын ачып таштоочу видеотасмалар жана документалдуу программаларды даярдоо аркылуу ишке ашырылат.

Баш катчынын кошумча кылышынча, бул борбор террорчу жамааттар көтөрүп жүргөн түшүнүктөрүнө каршы күрөшүп, бул түшүнүктөрдү Куръани Карим жана хадиси шарифтен далилдер менен тууралоо о.э уюмга мүчө мамлекеттер алып бараткан саясаттар туурасында оң пикирлерди пайда кылууга аракет кылат. Муну менен бирге, экстремизмге каршы күрөш жана аны токтотуу үчүн жергиликтүү жана регионалдык түрдүү демилгелер ортосунда өз ара алака түзүүчү минбар болуш ролун мойнуна алат.

Ушул борбордун параллел башкармалар менен о.э мүчө мамлекеттерде терроризмге каршы күрөштөн кызыктар болгон улуттук борборлор менен кызматташтык кылууну о.э ушул Ислам Кызматташтык уюму мекемелери, регионалдык уюмдар жана БУУга караштуу уюмдар менен да кызматташтык кыла тургандыгы белгиленди.

Маданий мырза мүчө мамлекеттерди Ислам Кызматташтык уюмунун мамилелер, тынчтык жана бир пикирдүүлүк борбору өз ролун жигердүү жана натыйжалуу аткарышы үчүн азыркы пландар менен бөлүшүүгө чакырды. Алардан мүчө мамлекеттер ортосунда дагы да көбүрөөк чөйрөдө кызматташтыкты бекемдөө үчүн отчеттор базасын даярдоого салым кошушун талап кылды. «Ислам Кызматташтык уюму».

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here