Ташкентте ИКУ ТИМ кеңешинин 43-сессиясы башталды
Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин кабар беришинче, 18-октябрь күнү Ташкент шаарында Ислам кызматташтык уюму Тышкы иштер министрлер кеңешинин 43-сессиясы өз ишин баштады.
Анда 50дөн ашык мүчө мамлекеттер, күзөтүүчү мамлекеттер о.э катардагы эл аралык жана аймактагы уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Ачылып жаткан Ташкент сессиясы ИКУ ТИМ кеңешинин 2017-жылда болуп өтө турган катардагы межлиске чеин Өзбекстан Республикасы төрагалыгын расмий баштайт.
Өзбекстан төрагалыгынын урааны – “Таалим жана агартуу– тынчтык жана жаратмандык жолу”.
Өзбекстан президенти милдетин аткаруучу Шавкат Мирзияев кеңештин расмий ачылышында катышты.
Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматы кабар беришинче, Мирзияев өз чыгуусунда Өзбекстандын Ислам кызматташтык уюмундагы төрагалыгы доорунда кылына турган артыкчылыктуу багыттар тууралуу тааныштырып өттү.