Россия муфтийи мусулмандарды арамга чакырууда!
Фатва кеңешинин төрагасы муфтий Равил Гайнутдин Россиядагы парламенттик шайлоолордо Россиядагы мусулмандарды «мекенчилдиктерин» көрсөтүп, «диний важибди» аткарууга чакырды. Фатва кеңешинин билдирүүсүндө «Россиядагы мусулмандардын төрагасы өз сөзүндө ушуну баса белгиледи, улуу тавхид дини шайлоо укугун момунга важиб кылган, себеби, Роббибиз Субханаху айтат: «أطِيعُوا اللهَ وأطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ Аллахка моюн сунгула, Расулуна жана иш ээлерине моюн сунгула» т.а. силердин пайдаңарга иштериңерди башкаруусу үчүн силер шайлаган жетекчилерге итаат кылгыла» деп баса белгиленди.
Биринчиден, ушул аят шайлоо деген нерсени өз ичине камтыбаган, ошого карабастан, муфтий мусулмандарды адаштыруу жана аларды бийликтин иштерин колдоп-кубаттаган мусулманга айлантуу үчүн атайылап аятка адаштыруучу маанини берди.
Экинчиден, Ниса сүрөсүндөгү ушул аятта мындай делет:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنْكُمْ
«Эй момундар, Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга о.э. өзүңөрдөн болгон акимдерге моюн сунгула!» [4:59]
Ушул аят менен Гайнутдин келтирген аяттын ортосундагы айырма жаркын көрүнүп турат. Т.а. Гайнутдин аяттагы «مِنْكُمْ» «… Өзүңөрдөн болгон…» сөзүн алып салып окуду. Бул сөз болсо жетекчи мусулмандардан болушу, арийне, Ислам дини менен өкүм жүргүзүшү важиб экенине далалат кылат.
Ибн Касир ушул аяттын тафсиринде мындай дейт: Уммул Хусайн риваят кылат, Расулуллах A коштошуу хутбасында мындай деген:
«وَلَوِ اسْتُعْمِلَ عَلَيْكُمْ عَبْدٌ يَقُودُكُمْ بِكِتَابِ اللهِ، اسْمَعُوا لَهُ وَأَطِيعُوا»
«А түгүл, силерге Аллахтын Китеби менен башкарган кул жетекчи болсо да, ага кулак салгыла жана итаат кылгыла». Абудуллах ибн Умар Расулуллах Aдын мындай дегенин риваят кылат:
«السَّمْعُ وَالطَّاعَةُ عَلَى الْمَرْءِ الْمُسْلِمِ فِيمَا أَحَبَّ وَكَرِهَ، مَا لَمْ يُؤْمَرْ بِمَعْصِيَةٍ، فَإِذَا أُمِرَ بِمَعْصِيَةٍ فَلَا سَمْعَ وَلَا طَاعَة»
«Ырас, мусулман киши күнөө ишке буйрулбаса, өзү жакшы көргөн жана жаман көргөн нерселеринде да кулак салып итаат кылсын, бирок, качан күнөө ишке буйрулса, кулак салуу да жок, итаат кылуу да жок» (Имам Бухарий риваяты).
Т.а. ушул аят акимге Ислам алкагынан чыкпаган абалында итаат кылуу жөнүндө сүйлөөдө. Муфтий мырза болсо бул нусустан жүз үйрүп, ачыктан-ачык арамды кылууда жана режимдин кызыкчылыгын ойлоп, мусулмандарды адаштырууда.
Кафирлер өздөрүнө өздөрү аким дайындашканын жана ага мыйзам чыгаруу укугун бергенин түшүнсө болот, себеби, алар кафир. Бирок, мусулман кишинин инсан ойлоп тапкан мыйзамды колдонууга чакырганын түшүнүп болбойт.
يا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُقَدِّمُوا بَيْنَ يَدَيِ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
«Эй момундар, силер Аллах жана Расулу алдында (т.а. экөөнүн уруксатысыз кандайдыр сөз же ишке) кадам баспагыла жана Аллахтан корккула, албетте, Аллах угуучу, билүүчү» [49:1]
Хизб-ут-Тахрирдин
Россиядагы басма сөз бөлүмү
Расмий сайт: www.hizb-russia.info
Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com