ӨЗБЕКСТАНДА КОЗГОЛОҢ БОЛОБУ?

338
0

Бисмиллахир рохманир рохим

ӨЗБЕКСТАНДА КОЗГОЛОҢ БОЛОБУ?

Бир адам акыйкатты айтса, мазлумдар дароо аны колдойт. Бирок жыйынтык чыгарууда, өз мамилесин билдирүүдө адашат. Айрымдары “көтөрүлүш кылабыз” же “саткындарды кууп таштайбыз” десе, калгандары ушул ишке ашса бизге да жакшы күндөр келет деп, алардын көтөрүлүш кылыштарынан үмүт кылышат. Лекин бул чоң ката! Эч качан бизге козголоң пайда бербейт. Болгону карапайым калкка зыян, кан төгүлүүлөр болот. Бейкүнөө адамдардын курман болуштарынан башка нерсе болбойт. Ушундан корккон айрым адамдар дүйнөдө болуп жаткан мындай окуяларды күзөткөн интелегенттер акыйкатты көтөрүп жаткан адамдардын оозун жабууга, жым кылууга шашылышат.

Түпкүрүндө, бул козголоңдор колонизатор кафирлердин өз малайларын акимдикке алып келүү о.э аларды сактап калуу же моюн толгогон малайды алмаштыруу жолу. Маселен; 1990-жылдары түрктөр менен өзбектер ортосунда болгон козголоңдон же өзбек-кыргыз козголоңунан Россия АКШнын кирип келишин тосуу үчүн пайдаланды. 2005-жылы АКШга ыктап калган Акаевди Бакиевке алмаштырыш үчүн карапайым калкты козгоду. 2010-жылы Бакиевди кетирүүдө да куду ушундай болду. Мисирде Мурсийди кетирип ордуна Сисини алып келүүдө да АКШ карапайым калктан пайдаланды. Колонизаторлор максатына жетишүү үчүн өз малайы башкаруусу астында бир топ саткындарды ишке салды. Буларга ишенген айрым жахилдер да ушул ишке кошулушат жана алар менен калкты козгоп, максатына ылайык ызы-чуу чыгарып, туруксуздук пайда кылышат. Кээда аз гана “жыт”ын көрсөтүп коюп, өз малайын “сөзүмдү эки кылсаң ордуңа башкасын алып келемин” деген мааниде да колдойт.

Бул орунда ушундай суроо туулушу табигый; ко-ош анда эмне кылыш керек? Үн чыгарбай, зулумга, акыйкатсыздыктарга сүкүт сактап, сабыр кылышыбыз керекпи?

Жооп: Жок албетте. Акыйкатсыздыктар, жалган-алдоолор, зулумдарды жеңүү, адилеттик жана өнүгүү үчүн аракет кылынышы шарт. Бул үчүн алгач акыйкатсыздыктардын болунуусуна чек коюу керек, аларды ачып таштоо керек. Өз учурунда ошол ишке карата акыйкат айтылышы да зарыл. Жогоруда айтып өткөнүбүздөй айрымдар же жакшы ниетте же колонизатордун буйругу менен малайлары жана алардан коркуп же аларга жагыш үчүн көпчүлүк каршылык кылат. Ушул себептен залым түзүмдөрдүн өмүрү узарат.

Туура жол болсо, аң-сезимдүү адамдар тарабынан жашоодо болуп жаткан акыйкатсыздыктарга карата пикир билдирип, алардын чындыгын ачып таштоо менен болот. Калгандар болсо, буга өз мамилесин билдириши керек т.а айтылып жаткан пикирге жана ага алтернативдүү болгон өз көз карашын билдириши керек. Ар кандай пикирге көпчүлүк тарабынан мамиле билдирилиши натыйжасында бизге куфр өз колонизаторлугун орнотуу негизи болгон, коомду жар жакасына алып келип койгон жалган-алдоолор, эки жүздүүлүктөрү алсыздайт. Акыйкат жеңе баштайт. Бул ишке өз салымын кошуу ар бир балагатка жеткен, акылы жетик, бирөөнүн кулу эмесмин же бирөөлөр эмне десе ошону кыла бербейм деген жарандын мойнундагы милдети.

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here