Чавушуглы: Россия менен болгон алакаларыбызды ишеним үстүнө куруудабыз

801
0

Чавушуглы: Россия менен болгон алакаларыбызды ишеним үстүнө куруудабыз

БУУ баш Ассамблеясы жыйынында катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барган Түркия тышкы иштери министри Мевлют Чавушуглы Россия жана Түркия Сирия маслеси туурасындагы келишим жөнүндө “Известия” газетасына интервью берди. Чавушуглынын айтышынча, сүйлөшүүлөрдө ар тарап дээрлик бири-бирин туура түшүнгөн. Өз ара келишпөөчүлүктөр болгон маселелерде ийгиликтүү сүйлөшүүлөр уюштурулган.

Мевлют Чавушуглы Түркиянын Россия менен биргеликте Сирияда жүргүзүп жаткан кызматташтыгы абдан эффективдүү болгондугун жана эки мамлекет ортосундагы мамилелер ишеним үстүнө курулуп жаткандыгын айтты.

“Ар бир нерсени абдан так жана ишенимдүү негизде талкуулап жатабыз. Министрлер жана эксперттер деңгээлинде түрдүү кызматташуу механизмдери бар. Кайгылуу окуялардын алдын алуу жагынан абдан маанилүү маалыматтарды алмашуудабыз. Эки мамлекет ортосунда ишеним бар. Мамилелерибиз да ишеним үстүнө курулууда”, деди Чавушуглы.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын шаршемби күнү Россия президенти Владимир Путин менен болгон телефондо сүйлөшүүсүнө көңүл бурдурган Чавушуглы Россия жана Түркия башчылары Сириядагы окуялар жана гуманитардык жардамдар маселелери да талкуу кылынгандыгын билдирди. Чавушуглынын айтышына караганда, сүйлөшүү адаттагыдай жакшы өткөн.

“Бул жолу да бир нерсе ишке ашты, деп ойлоймун”, деди ал.

Премьер-министр Чавушуглы Путин жана Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүү маалында Сириядагы акыркы өзгөрүүлөр артынан кызматташтыкты бекемдөө жана күчөтүүнү каалаганын билдиргендигин айтты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here