Кыргызстан БУУга ЕККУ үстүнөн арызданды

270
0

Кыргызстан БУУга ЕККУ үстүнөн арызданды

БУУнун Башкы ассамблеясындагы коомдук-экономикалык талкууда сөзгө чыккан Кыргызстан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Европада коопсуздк жана камкордук уюмунун демократия жана адам укуктары боюнча 2010-жылдагы Кыргызстанда болгон улуттар аралык кагылышууну уюштурууда сырттан айыпкер деп табылган Кадыржан Батыровго сөз сүйлөө үчүн мүмкүнчүлүк бергениндигин Кыргызстан кылкына карата болгон “урматсыздык белгиси”, деп атады.

“Биз бюронун бул аракеттерин бир гана Кыргызстан сот түзүмүнө эле эмес, балким бүткүл Кыргызстан калкына болгон урматсыздыгы деп эсептейбиз. Биз муну чыныгы демократияны куруудагы таттаал жана кыйын жолдо бара жаткан Кыргызстанга карата чакырык деп баалайбыз”,- деди Абдылдаев.

Анын айтышынча, бюронун жыйындары мындай нукта кете турган болсо оор кылмышкерлер да сүйлөй бере турган майданга айланып калат.

“Эгер бүгүнкү күндө бюро Кыргызстан жана башка мамлекеттерге мындай мамиледе болсо, анда анын кийинки жыйындарында бүткүл адамзамтка бүлгүн салып жаткан ИШИМ өкүлдөрү да катышат”,- деп эскертти министр.

Абдылдаев Кыргызстан “ОБСЕнин демократиялык баалулуктарын толук урматташын жана ишке ашыруусун”, бироко кош стандарттары жана “бул уюмдун көз карандысыз мамлекеттердин ички иштерине аралашуу жана инсинуациялар институтуна айланышына” каршы экендигин айтты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here